Коом

ММКлар АКШда коронавируска каршы вакцина канча турарын айтышты

Америкалык Moderna биотехнологиялык ишканасы өзүнүн коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинасына болгон бааны эмдөөнүн бир курсу үчүн 50-60 доллар өлчөмүндө болорун кыйытты. Бул вакцинанын бир дозасы 25-30 доллардын тегерегинде болот дегенди билдирет.

Маалыматка караганда, бул баа АКШ жана калктын жан башына карата кирешеси жогору өлкөлөргө багытталган.

ММКлар берген маалыматта препараттын наркы келечекте өзгөрүүгө дуушар болору айтылат. Себеби, америкалык жетекчилик менен 600 миллион дозага чейин сатуу боюнча макулдашууга кол коюшкан Pfizer жана BioNTech компанияларына караганда Moderna өз вакцинасына карата бааны жогору коюуда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button