Коом

Коронавирус: Covid-19 илдетинин жаңы толкунуна жаштарды күнөлөшүүдө

Акыркы сутка ичинде АКШнын алты штатында Covid-19 илдетинен жабыркагандардын рекорддук саны катталды. Мындан улам Европа бирлиги чек араларды кайрадан жабуу тууралуу ойлонуп жатса, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму оорунун жаңы толкунун башталышына социалдык дистанцияны сактабаган жаштар күнөөлүү деп жар салды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнө жүзү боюнча 16,7 млн адам коронавирус илдетин жуктуруп алса, каза болгондордун саны 660,5 миңге жетти. Жогорудагы эки көрсөткүч боюнча тең биринчи орунду АКШ ээлесе (4,3 млн жана каза болгондор 149,2 миң адам), экинчи орунда Бразилия турат (2,4 млн жана каза болгондор 88,5 миң адам).

Ал эми Россия дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунду ээлейт жана илдетти жуктуруп алгандардын сандык көрсөткүчү – 827,4 миң адам.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button