Коом

«Ата-Бейитте» коронавирустун курмандыгы болгон кыргызстандыктарга арналган аза күтүү иш-чарасы болду

Бүгүн, 30-июлда, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, маркумдарга багышталып куран окулду.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештинн төрагасы Дастанбек  Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» жарлыкка кол койгон.

Коронавирус инфекциясынын Кыргызстанда жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.

Аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тиешелүү иш-чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button