Коом

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү А. Абдрахманов, Улуттук аза күтүү күнүнө карата кайрылуу жасады

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов, бүгүн 30-июль Улуттук аза күтүү күнүнө карата облус калкына кайрылуу жасады

Кайрылуунун тексти;

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Бүгүн 30-июль, өлкөбүздө, кооптуу илдеттен каза болгон жарандарыбызды эскерүү, Улуттук аза күтүү күнү деп белгиленди.

Бул күндөрү өлкөбүз,башынан оор күндөрдү өткөрүп жатат.

Дүйнөдө өмүр үчүн күрөш жүрүүдө.

Ойлосо ойго келбеген апаат жер бетин каптап, анын ичинде биздин өлкөгө да жетип, элибизди түйшүккө салды.

Баарыбызга белгилүү, коронавирус илдетинин алгачкы учурлары катталган күндөн тарта, жалпы баарыбыз бир муштумдай биригип, оору менен күрөштүк.

Өкүнүчтүүсү, көрүлгөн аракеттерге карабай,биздин Баткен облусунан да 38 жаран көз жумду.

Элибиз, орду толгус оор жоготууга дуушар болду.

Кооптуу илдеттен каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Аза кайгысын тең бөлүшөм. Сабыр тилейм.

Бул күнү, баарыбыз кооптуу илдеттен каза болгон мекендештерибиздин арбайына багыштап куран окуп, бата кылабыз.

Алардын бейиштик болуусун тилейбиз.

Урматтуу облусубуздун калайык калкы!

Бул оор сыноону жеңүүгө салым кошолу.

Ар бирибиз саламаттыгыбызга сак болуп,аты жаман оорудан оолак бололу.

Жараткан жергебизге тынчтык,элибизге аманчылык берсин.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button