Коом

Порно ролик үчүн кызматынан кол жууду

Британиялык Дэвид Уэст капыстан порнографиялык видео коюп алган соң жумушунан айрылган. Тагыраак айтканда, 100 киши катышып отурган чогулуш учурунда телефонуна жаздырып алган порноролик иштеп кетип, аял кишинин «акыштоосу» угулуп башталган.

Дэвиддин роликти өчүрүүгө болгон аракетинен дароо майнап чыккан эмес. Болжол менен ролик 30 секундда созулган. Кийин ал бул ролик порно эмес экендигин, телефондогу үн аялдын эмес, каздын үнү экендигин жана аны аялын тамашалоо үчүн досу WhatsApp аркылуу жибергенин айтып, кечирим сураганы менен жетекчилик анын бул айтканына ынанган эмес.

Бул окуянын чоо-жайын териштирүү учурунда күбө катары суралган башка адамдар дагы бироздон телефондон каздын эмес аялдын акыштоосу угулгандыгын айтышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button