Коом

Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты иштелип чыкты

Коронавирус илдетин дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты Россиядан келген кесиптештер менен бирге талкууланып, иштелип чыкты. Бул маалыматты, бүгүн пресс-конференцияга катышкан Россиялык адистер тастыкташты.

«Аталган протоклду иштеп чыгууга мен дагы катыштым. Жаңыртылган версияга коронавирус боюнча респиратордук жардам жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизилди. Ошондой эле, альтернативдүү ыкма катары этиотроптук дарылоо жаңыланды», — деп билдирди дарыгер — пульмонолог, м.и.к Лилия Козырева.

КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, протоколдун жаңы 4-вариантында пневмония эске алынып, анын оор формаларын дарылоо ыкмалары киргизилгенин кошумчалады. Протоколдун 4- версиясы даяр жана жакынкы күндөрү ишке кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button