Коом

Өлкөдө 1 миң 746 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кресло-коляскалар менен камсыз болду

Бүгүнкү күндө 1 миң 746 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 миң 746 адамдын ичинен 855и чоңдор жана 891и майыптыгы бар балдар. Кресло-коляскалар майыптыгы бар адамдарга 3 жашынан баштап берилет. Алар бекер 5 жылга берилет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан ишке ашырылат.

Кресло-колясканы бекер берүүгө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу негиз болот.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кресло-коляска алуу үчүн аймактык бөлүмдөргө (райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү) төмөнкүлөрдү беришет:

— арызды;

— МСЭКтин корутундусу;

— иш жүзүндө жашаган жеринен маалым катты.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кресло-коляскаларды алууга арызы аймактык бөлүмдөр тарабынан кабыл алынат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кресло-коляскалар аймактык бөлүмдөргө келип түшкөнүнө жараша Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын журналына катталган жазууларга ылайык электрондук кезек тартибинде берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button