Коом

Белгилүү футболчу Неймар коронавирус инфекциясын жуктуруп алды

Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен Франциянын «ПСЖ» футболдук клубунун үч оюнчусу коронавирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы чабуулчу Неймардан, жарым коргоочулар Анхель Ди Мария жана Леандро Паредестен аныкталган.

Белгилүү болгондой,  үч футболчу тең Испаниянын Ивиса шаарында эс алып келишкен.

«ПСЖ» футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын финалында Германиянын «Бавария» клубуна 0:1 эсебинде жеңилип калышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button