Бишкектин Ош базарында соода-сатык менен алек болгон соодагер аялдар Ленин райондук акмиятында иштеген кызматкерлерге жана милиция кызматкерлерине кол көтөрүштү. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу Илмире Бечелова билдирди.
«Ленин районунун Акимияттын балдарын, жана милиция өкүлдөрүнүн балдарын, көчө соодагерлеринин аялдары ушундай кылып тытып кол көтөрүштү. Тазалаганы жолдун аркы жагына айдады, кайра жарым саатан кийин эле ошол оордуларына келип алышты. Ошол жердеги ажылдаган 2-3 ажаан аялга алдары жетпесе эмнеге бийлик башында олтурушат»,-деп жазат ал.