Коом

Ысык-Көлдө автоунаа тосмону сүзүп, бир адам каза болду

Ысык-Көл районунда 7-сентябрь күнү саат 04:47де Бишкек-Ананьево-Каракол унаа жолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыкка 29 жаштагы эки эркек киши кабылып, анын бирөө каза болгон.

Жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып барышкан. Ал эми каза болгон адамдын сөөгүн куткаруучулар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button