Маданият

Маданият министри КРнын эл артисти, кино актер Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды

8- сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актёр жана театр режиссёру Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн материалдык жардамды тапшырды.

Эл артисти Акылбек Абдыкалыков учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында даарыланып жатат. Белгилей кетсек, буга чейин кино актер жүрөгүнөн үч жолу операция болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button