Коом

Акыркы суткада өлкө аймагында 17 өрт чыкты

Кыргызстандын аймагында акыркы сутканын ичинде 17 өрт кырсыгы чыкты. Аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Ч.Айтматов проспектисиндеги ачык аянтта болжол менен 2 гектардагы куураган чөп күйгөн. Ошондой эле Ж.Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде ачык аянттагы 200 чарчы метрдеги куураган чөп өрттөндү. С.Каралаев көчөсүнүн №29 дарегиндеги ачык аянттагы куураган чөп да күйгөн.

Адамдар жаракат алган жок. Учурда бул өрттөрдүн себеби такталып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button