Коом

БШК «Республиканын» үстүнөн даттанган 16 адамдын арызын карады

Борбордук шайлоо комиссиясына 16 жаран «Республика» партиясынын үстүнөн арызданышты. Алар партия балдарга шар таратып жатканын билдиришкен.

Кечээ, 22-сентябрда аталган арыз каралып, жумушчу топтун корутундусу угулду.

«Жумушчу топтун жыйынына арыздануучулар жана партиянын өкүлдөрү чакырылган. Эки арыздануучунун бирөө келген. Даттануу каралып жатканда видеонун шилтемеси ачылбай турганы аныкталган, ошондуктан арыздануучулар даттануудан баш тартышкан. Ал эми партиянын өкүлү шар таратылбаганын билдирди. Аталган факт боюнча далил жок болчу», — деди БШКнын арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун өкүлү.

БШКнын мүчөлөрү да даттануу негизсиз болгонуна байланыштуу канааттандырган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button