Коом

Жумгал РИИБнин кызматкерлери жарандарга санитардык эпидемиологиялык эрежелерди сактап иш алып барууларын эскертишүүдө

2020-жылдын 29-сентябрь күнү Жумгал РИИБнин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү   менен биргеликте  «COVID-19» илдетин алдын алуу жана жайылуусун болтурбоо максатында Жумгал районунда жайгашкан соода-сатык түйүндөрүн, базарларды, тамактануучу жайларды текшеришип, түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, бардык санитардык эпидемиологиялык  эрежелерди сактап иш алып баруулары эскертишти.

Андан тышкары, Жумгал РИИБнин начальнигинин орун басары К. Тойчибаев Жумгал районунда шайлоо участкаларына  бекитилген милиция кызматкерлери санитардык-карантиндик эрежелерди сактап, жеринде кандай иш алып барып жаткандыгын  текшерип, инструктаж өттү.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button