Суваналиев Баткен окуяларынын кыйыр күнөөкөрү
Генерал Өмүрбек Суваналиев карылыкка моюн сунуп бараткан окшойт: өз өмүр баянындагы айрым фактылардын кайсынысы кайсы экенин билбей, чаташтыра баштаптыр.
Теледебаттардын биринде кыргыздын Каттаниси Баткен облусуна Ооганстандан сакалчандар кирип келгенде ал УКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги болуп тургандыгын айтты.
Келиңиздер, окуянын учугун издеп көрөлү. 1997-жылы Өмүрбек Суваналиев парламенттен өз эрки менен УКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги кызматына кеткен.
Бул кызматта ал курал-жарак жүктөлгөн эшелонду колго түшүргөндүгү менен “аты чыккан”.
ЖМК булактары билдиргендей, Суваналиев 1998-жылдын январь айында “Ош” темир жол бекетинде 20 вагондон турган эшелонду камакка алуу тууралуу буйрук берген. Ал вагондордун жүгү документтерде гуманитардык жардам деп жазылган.
“Уну бар делген каптарда 700 тоннадан ашык курал-жарак менен ок-дары болгон. Ирандан келаткан жүк Түндүк Альянстын куралдуу топторунан болгон Ахмад-шах-Масудга арналган эле. Ага облустун бажысынын башчысы Исхак Масалиев жардам берген”,- деп жазылат басма сөз беттеринде.
Курал-жарактын ташылып келиниши бир катар өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын эл аралык операциясы болгондугун көп адам биле бербесе керек. Бул курал Ооганстанда талибдерге каршы күрөшүп жаткан Түндүк Альянска жардам катары жиберилген эле.
Суваналиев менен Масалиев атак-даңкка ээ болуп калууну көздөштү. Алар өз жолу менен бараткан эшелонду токтотуп алышып, басма сөз кызматтарынын баарына өзүлөрүнүн “эрдигин” жар салышты. Муну менен алар атайын кызматтардын оор жана кынапталып даярдалган операциясын кыйратышкан.
Операцияны акырын жыйынтыктап, курал-жаракты Иранга кайтарууга туура келген.
Өмүрбек Суваналиев “ат көтөргүс” иши бааланып-баркталбай калгандыгына таарынып, кызматтан кетип калат.
Демек, талибдер Баткенге басып кирген 1999-жылы биздин каарман УКМдин Ош облусу боюнча жетекчисинин кызматын ээлебей калган. Жашы өткөн сайын унутчаак да болуп баратканбы, генерал качан кайда иштегенин чаташтыра баштаптыр.
Сакалчандардын ошондогу басып кирүүсүнө Суваналиев кыйыр түрдө күнөөлүү деген ой кетет. Эгер ошол эшелон Ооганстанга аман-эсен жеткенинде, Түндүк Альянс талибдер менен күрөштө кубаттуу күчкө ээ болмок. Балким, ошондогу ок-дарылар ошондон бир жыл өтпөй эле Кыргызстандын тоолоруна биздин аскерлерди жок кылыш үчүн басып келген сакалчандарды жок кылууга себепкер болмок.
Тилекке каршы, тарыхты артка кайтара албайбыз, болору болду. Болгону айрым адамдардын атак-даңк үчүн жасаган аракеттери башка адамдар үчүн олуттуу коркунуч жарата тургандыгын сабак катары билип алышыбыз кажет.