Коом

Милиция менен бирге ыктыярдуу кошуун коомдук коопсуздукту камсыздайт

Милиция менен бирге ыктыярдуу кошун коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан “Кадам-медиа маалымат”  порталына кабарлады.

“Азыркы убакта милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук коопсуздукту сактоого, өздүк жана мамлекеттик  мүлктү коргоого, жана өзгөчө маанилүү обьектилерди коргоого алды.

Убактылуу мэрдин милдетин  аткаруучусу Жоошбек Коеналиевдин буйругуна ылайык, бардык райондордун аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар уюштурулган, алардын милдети милиция кызматкерлери  менен биргеликте коомдун коопсуздугун сактоодо.

Эгерде сиздин коопсуздугуңузга шек келтирүү фактылары болсо милиция кызматкерлерине ыкчам 102 номуруна жана ыктыярдуу элдик кошуундарга кайрылууңуздарды суранабыз”,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button