Коом

Мамлекеттик бажы кызматы кадимки режимде иштей баштады

8-октябрда Мамлекеттик бажы кызматы кадимки режимде иштей баштады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнтөн тарта товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштуруу кадимки режимде ишке ашат.

8-октябрдан тарта өлкө аймагында банктар да өз иши жандандырды. 7-октябрда өлкөнүн финансылык-банктык тармагы өз ишин токтотуп, саясий абал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталган.

Коммерциялык банктардын ишинин токтошуна байланыштуу товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button