Коом

Сооронбай Жээнбеков парламенттин төрагасы менен импичмент маселесин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 

Эки тараптуу баарлашуу Жээнбековдун демилгеси менен ишке ашкан. Стамалиеванын айтымында, бул жолку сүйлөшүү телефон аркылуу болду. Бирок тараптар бетме-бет келип сүйлөшүү зарылдыгын белгилешти. 

Эске салсак, кечээ, 7-октябрда, Жогорку Кеңеш депутаттарынын өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкууланган жолугушуусу үзгүлтүккө учураган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button