Коом

Коронавирустун жаңы күтүлбөгөн симптому табылды

Эл аралык дерматологиялык жамааттар лигасы жана Америка дерматология академиясынын окумуштуулары коронавирустун жаңы жана күтүлбөгөн симптомун табышты. Бул тууралуу The Telegraph билдирди.

COVID-19 оорусун жуктуруп алган адамдардын манжаларында дүүлүгүү пайда болуп, манжалары аябай кызарып кетиши мүмкүн. Белгилери үшүккө окшош, ал бир-төрт жумага созулат жана буттун шишип кетишине алып келет.

Адистер белгилегендей, айрым пациенттерде симптом бир нече ай бою сакталып калган. Бирок, көпчүлүк учурларда,бул көрүнүш ковиддин  жеңил түрүндө болот.

Басылманын маалыматы боюнча, Эл аралык COVID-19 дерматологиялык реестринде коронавирус менен ооругандар ушул сыяктуу учурларга туш болушкан. Бул бейтаптардын жарымына жакыны бут сезгенип, алардын 16 пайызга жакыны ооруканага жаткырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button