Экономика

Мэрдин м.а Балбак Түлөбаев базарларды кыдырып, азык-түлүктүн бааларын текшерди

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Ош жана Орто-Сай базарларындагы соода түйүндөрүндө ун, кумшекер, май, эт жана башка товарлардын бааларын текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, азык-түлүктөргө баалар ашыкча кымбаттаган эмес жана туруктуу. Сатуучулар запастар жетиштүү экендигин белгилешти.

«Мэрдин милдетин аткаруучу базарлардын администрациясынан баалар боюнча спекуляцияларды жүргүзбөөнү жана санитардык эрежелерди так сактоону, ар кандай соода түйүндөрүндө тазалоочу каражаттарды орнотуп, сатуучулар менен сатып алуучулар беткап кийип жүрүүнү суранды. Борбор калаанын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына базарлардагы жана анын тегерегиндеги аймактардагы тартипти катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Акимиаттар жөө адамдар жүрүүчү зоналардагы стихиялуу соодага каршы күрөштү күчөтүшү керек », — деп билдирди мэрия.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button