КоомСаясат

Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапары менен барат

19-20-ноябрь күндөрү Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Казакбаев Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана башка расмий кызмат адамдары менен жолугушат. Анда эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук тармактарындагы кызматташтык маселелерин кароо пландалууда.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине, эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын деңгээлиндеги иштерге өзгөчө көңүл бурулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button