Адабият
Күлбүбү Байбугуева: «Жашоого берип, андан алгым келет, көп жакшы, көп чогултуп эсебиме»
Акын Күлбүбү Байбугуева фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жаңы ыры менен бөлүштү. Биз дагы өз окурмандарыбызга сунуш кылабыз.
«Мына дагы бир кышка жеткирген кудайыма шүгүр. Калемгер адамдар кыялкечтер болот окшойт, кыялданганды жакшы көрөм…»
Ааламдын көп сырларын билип алып,
Айланып ак булутка минип алып.
Асмандан жерди карап учкум келет,
Ай жылдыз арасына кирип алып.
Кээ күнү жамгыр болуп төгүлгүм бар,
Гүлдөргө суусун берип, өбүлгүм бар.
Дайранын шары менен кошо агып,
Кучагына бир кулап чөмүлгүм бар.
Ак кардай теребелди тазарта алсам,
Адамды кайра баштан жашарта алсам.
Кайгысы ичте батпай жүргөндөрдүн,
Капасын, колдон келсе азайта алсам.
Көөдөнүм үшүйт кээде адамдардан,
Көңүлдү булгап койчу жамандардан.
Жараткан алысыраак кылса деймин,
Жанымды муңга салаар кабарлардан.
Мезгилдин да бир кышын басып турам,
Өмүрдүн бир белесин ашып турам.
Тирүүлүк кемисе да чекесинен,
Аяздуу күн кетсе деп, шашып турам.
Жылдардын төрт мезгили баары сонун,
Кышы да, жамынышкан аппак тонун.
Жаз, жайы гүл жыттанып турганычы,
Шиберге ороп талаа, тоонун боорун.
Береке кучагына толуп турган,
А күзү, бир керемет болуп турган.
А тургай, көзгө сүйкүм көрүнгөнсүйт,
Бактагы жалбырагы, оңуп турган.
Көз тойбой, көркөмүнө айлананын,
Көңүлүм эргип, кээде жайланамын.
Жактырам шамалдын да, жада калса,
Асманда булуттарды айдаганын.
Кыйлага жашым менин, барган менен,
Өмүрдөн көп энчимди алган менен.
Жан дүйнөм өзгөрүлбөй жазым өңдүү,
Кайрадан жаш боюнча калган белем…
Жетеленип кыялдардын жетегине,
Күмөн болбой, көп максатка жетээриме.
Жашоого берип, андан алгым келет,
Көп жакшы, көп чогултуп эсебиме.