Эжемдин талкаланган тагдыры… алкымындагы кызыл тактар…анын курмандыгы мен
“Эжени көрүп сиңди өсөт деген…”,- деген сөзүң бүгүн менин сай сөөгүмдү сыздатып, сени деп жургөн 3 жылымды шамалдай учуруп кетти. Сени бөркүмдөй көрүп баарынан өйдө коюп, каршылыктарга төшүмдү тосуп коргоп тураар элем. Бирок сен эжекемдин талкаланган тагдырын тереңден билбей туруп, мени анын курмандыгы кылып салдың. Эжем экөөбүз бир курсакта жаткан менен тагдырыбыз эки башка, жашообуз башка нукта агаарын түк тушүнгүң келбеди.
Кеп башынан болсун. Эжекем мектепти аяктап, ЖОЖго тапшырам деп турганда жездем ала качты. Экөөсү эки жылдай жакшы жашады. Жаш кызды үй тирилигине үйрөтүп, кызымдай көрөм деп алган кайынэнеси теңирден тескери кетип, катыныңдын колунан эч нерсе келбейт деп акыры жездем экөөнү ажыратып тынды. Күндөр өтүп жездем башкага үйлөнгөнүн уктук. Ошол күндөн эжем чүнчүп, өзгөрө баштады. Ичинде келет деп күтүп жүрсө керек. Кантсе да көз ачып көргөн жары эмеспи. Эжем жумушка орношуп иштеп баштады. Иштеген жеринде пряник, блинчик бышырышат түнү менен. Бир топ алаксып, жүзүнө жылмаюу кирип, өзүнө карап ажары ачылып жашарып баратты. Чогуу иштегендеринин арасында өзүнө окшогон турмуштан жаңылган эки кыз бар экен. Алар баары чогуу жүрүшөт. Көңүл ачышат. Жаш да кантсе да, жашоосу ушуну менен бүтүп калмак беле? Курбу кыздары менен клубдарга барып, жаңы таанышуулар, көңүл ачкан күндөрү көбөйүп, акыркы күндөрү эки күндөп жоголуп кетчү болду. Сурасам курбумдун үйүндө болдум деп койчу.
Үйгө келет душка түшүп, жуунуп атыр упа себинип кайра кетет.
Бир күнү жигитим экөөбүз шаар аралап жүрүп, бактын түбүндө эс алып отурган кыз-жигиттерге туш болдук. Жанына жакындаган кезде эжекем курбу кызы анан эки жигит менен отурушуптур. Кызуу экени сүйлөгөн сөздөрүнөн билинип жатты. Тааныбаган адам болуп өтүп кеттик. Сыр бербей экөөбүз коштошуп мен үйгө кирдим, сен үйүңө кеттиң. Көп узабай жолугууга чакырдың, эмнегедир жүрөгүм жамандыкты сезендей болду. Адатымча кучагыңа бой таштаарда акырын колуң сунуп жүзүмдөн сүйгөн болдуң. Адатта таарынганда ушундай учурашаар элең. Ар кайсыны айтып көңүлүңдү алган болдум. Акыры агыңдан жарылдың. Жанатан бери айтуунун айласын таппай жаттың эле. Эптеп эжемден сөз козгоп кандай жүрөт деп сурадың. Жакшы деп жооп бердим. Көзүмө тике карап, жакшы эмес, кечээ эжеңди көрдүм, курсагы челектей эркек менен ээрчишип таксиге отуруп кетти. Мен сени жакшы көрөм, бирок эжени көрүп сиңди өсөт деген, аны көргөн сен кайда бармак элең, ошондуктан мындан ары сен экөөбүз эки башка адамбыз дедиң. Кандайча? Калп! Сен андай кыла албайсың, жалган деп ойлорумду топтгончо, Кош! деп маңдайымдан жыттап, башыңды жерге салып, кулачаңды жайып тескери бурулган бойдон кете бердиң….
Үч күн үйдөн чыкпадым, кыйкырдым, ыйладым, ыза болдум, күттүм эжекем жок. Төртүнчү күнү келди. Алкымынын баары кыпкызыл тактар. Сыягы “өтө жакшы” эс алса керек. Ага баарын айтып сен үчүн жигитим таштап кетти десемби, же бир эркек үчүн өзүн жоготуп, ушунча бузулуп, талкаланган тагдырынын өчүн алып, ар ким менен жаткан эжемдин деңгээлине түшүүнүн кажети жокпу…..