Адабият

Армандуу махабат

«Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» деген накыл сөздү ким айтса да туура айтып калтырган экен. Мындан төрт жыл илгери 5-курсту бүтөөрүмдө дарыгер Эрбол аттуу жигит экөөбүз арзышып жүрүп тоюбуз болоорго чукул калганда энем борбордон Ошко чакыртып: «Аркалык жигитке сени бербейбиз» — деген катуу талап коюп, зарлап ыйлаганыма карабай, учурда жашап жаткан жолдошума беришкен. Эми мынтип жолдошум жол кырсыгына кабылып, оор абалында бейтепканага кабылганда, алгачкы жүрөк ээси болгон махабатыма кайрадан кезигип олтурам. Мүмкүн, менин тагдырым кээ бирөөлөргө сабак болоор деген ниетте, кат жазып сиздерге кайрылдым…
…Жолдошумдун кыйла өңүнө чыгып калганын көрүп ичимден кубанып алдым. Бир топко сүйлөшүп олтурган соң, кубана палатадан чыгып, узун коридорду ортолоп келгенимде оң тарабындагы эшик шарт ачылды. Кимдир бирөөнүн тааныш көзү көзүмө кадалды. Бири-бирине арбашып жаткан макулуктан бетер турган ордубузда каттык. Жүрөгү көөдөнүмдү жарып чыкчуудай дик-дик урат.
— Салкын! — деди ал мени көздөй жүткүнүп. — Сенсиңби?..
— Эрбол, кечир мени… биринчи эле ушул сөз оозума кириптир. Бет ылдый мөлтүлдөп агып жаткан көз жашымдын кычкыл даамы оозума кирип жаты. Бейтепкананын апапак дубалдары бир жагына кыйшайып бараткандай туюлду. Анан ал мени жерден таптак көтөрүп бооруна кыскан бойдон алып баратты. Эрбол жаш чалган көзү менен аянычтуу карап турганын байкадым. Ошол таризде:
— Кандай жашооң? Балдарың жүрөбү?
— Жок, биз балалуу боло элекпиз. Ал жер тиктеди. Эрболдун бул суроосу жүрөгүмдү сайып алды. Анан анын көлдөй көтөрүмдүүлүгүн көрүп таң калдым. Кызганыч айынан үшүккө чалдыккан жүрөгүмө, өзүм ирээнжий түштүм. Эрбол мени телмире тиктеп:
— Ушунчалык, тагдырым ташбоор болсо кантем. Эрктүүлүгүмдөн гана чыдадым…
Ал жумшара түштү. Мага сыр алдырбаганы менен мууну бошой түшкөнүн байкадым. Эрбол дагы эле көзүмдөн көзүн албай тиктеп туруп, мостоюңку унчукту.
— «Мен арзуу кылган, мен жетпеген бийиктик жалгыз өзүң» — деди шыбырай.
— Курсагың ачкандыр? Чогуу тамактаналы? Анын жетегинде болуп, экөөбүз аз да болсо бирге болууну каалап турдум… Тамактанып чыккыча күн да кечтеп калды. Ал экөөбүз ээрчише көчө боюнда кыркалай өскөн жапжашыл дарактарды аралап бараттык. Эрбол эки колун артка алган калыбында үнсүз. Анда-санда гана башын жогору көтөрүп, көп кабаттуу үйлөрдү анан ачык асманга көз чаптырып, маанайы чөгүңкү баратты. Үн катпай өз оюбуз менен баратып, жогорулап калганыбызда:
— Жолдошуң түзүк жигит көрүнөт, аны мен даарылап жатам… Ал дагы бир демге үн катпай калды да анан:
— Адам эртеңи эмне болоорун билбейт тура. Кээде турмуш пендени селге кабылган чамындыдай чарпып олтуруп, белгисиз тарапка сүрүп коет экен. Терең ойго батып тунжурай түшкөнүмдөн, Эрбол тынчсыздана:
— Чарчадыңбы? Бир аз олтуруп эс алалы? — деди. Бараткан жолубуздан бурула олтургучтан орун алдык.
— Салкын, эмне үн катпайсың? Экөөбүздүн көзүбүз көзүбүзгө кадалды.
— Көп өзгөрүп кетиптирсиң, Эрбол. Ал мага мурдагыдан да келбеттүү анан сүрдүү болуп көрүндү.
— Сырт кебетем өзгөргөнү менен жүрөгүм дале сен деп согот… Сен жөнүндө, баарын изилдеп жүрүп кийин уктум. Тагдырдын татаалдыгына сени күнөөлөй албайм. Мен бактылуу болбосом да сен бактылуу болуп жүрсөң… Кечки салкын абанын мээлүн жели саамайыбыздан сагынгандай сылагылап жатты. Эрбол мага карап: «Биздин сүйүүбүз дал ушул таза желдей аруу эле!» — деди улутуна. Анын айтканын угуп, ичимден сызып алдым. Ал кайра сөзүн улантты, — биздикине бара кет. Колуктум сени жакшы күтөөрүнө ишенем. Башымды чайкай, чөнтөк телефонумдан саатты карадым.
— Кетели деп турасыңбы?..
— Эрболдун эрди дирилдей түштү!.. бет маңдайыбызда желбиреп турган дарактын майда жалбырактарына көзүм түштү. Олтурган ордумдан жай козголдум. Эрбол колумдан кармай калды.
— Кайда барасың?
— Эч жакка, мобу кандай кооз жалбырактар? — дедим сеңселген майда жалбырактарга суктана.
— Үзүп берейинби?
— Өзүң бил. Эрбол мага жапжашыл майда болгон дарактын кооз жалбырагынан үч сап үзүп берди.
— Мага бирөө эле жетмек, — дедим.
— Сен жалгыз эмесиң да… «Бирөө сен экинчиси жолдошуң. А бул соолуп баратканы мен. Жүрөгүм сыздап кетти. Эмне деп айтаарымды билбей калдым. Көзүмдүн чарасына ысык жаш толуп, кирпигимди ирмесем кошо төгүлчүдөй араң турду. Эрбол жүзүмдөн сылай;
— Эмне, ыйлап жатасыңбы?
— Жок, мен жөн эле…
— Баса Салкын, жолдошуң мени конокко чакырды.
— Анда биздикине барасыңбы?
— Муну сен айтчы? Ал биздин мурункубузду билип калса, көңүлүнө албайбы?
— Ал андай эмес. Ырас, кадырын салып чакырса баргын. Биз сени күтөбүз. Таң атаарга аз калыптыр?
— Мунуң кетели дегениң го…
Экөөбүз ээрчише чоң жолго чыкканча таң сүрүлө агарып баратты.
— Эрбол мындан ары бир туугандай катташып жүрөлү! — дедим. Эрбол бир топко ойлоно калып, анан:
— Жүйөөлүү сөз. Кол үзүшпөйбүз ээ.
— Эч качан.
— Келе колуңду… Экөөбүз бек кучакташа коштоштук. Экөөбүз бири-бирибизди кылчактай алыстап бараттык. Эрболдун карааны көрүнбөй баратканда, колумда кармап турган дарактын жапжашыл үч сабы титиреп турду…
Аягы
Интернет булактарынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button