Без рубрики

Ысык-Көл ОИИБ: Жаш өспүрүм кыз жана анын мыйзамдуу камкоорчусу укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсүн четке кагышты

Кечээ, айрым жалпыга малымдоо каражаттары укук коргоочу Камиль Рузиевдин, өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыккан билдирүүсүн жарыялашты. Анда, Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну, 16 жашар жаш өспүрүм кыз менен диний салт аркылуу никеге тургандыгын билдирген.
Мурда, аталган факты боюнча жаш өспүрүм кыздын мыйзамдуу өкүлдөрү, же болбосо тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Жети-Өгүз РИИБне арыз келип түшкөн эмес. Бирок, укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсү райондук милициянын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 178 –беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Камиль Рузиевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн, жаш өспүрүм менен никеге турган адамдын өздүгү аныкталган. Ал, Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну Х.Ш. болуп чыгып, өзүнүн көрсөтмөсүндө укук коргоочунун маалыматы чындыка дал келбестигин айтып чыкты. Анын айтымында, ушул жылдын ноябрь айында, айылдашы К.Снын үйүндө жасалгалоо иштерин жүргүзүп жүргөн. Ошондо, үйдүн ээси, аны 16 жаштагы Д.Ж. аттуу кызы менен таныштырганын, кийинчерек, ал кыз менен уюлдук телефон аркылуу кедээ сүлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бирок, ал кыз менен никеге турбагандыгын айтып чыккан.
Аныкталган жаш өспүрүм кыз, ушул эле айылдын 16 жаштагы тургуну Д.Ж. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2016-жылы өз атасы каза болуп калгандыктан, анын бир тууган агасы К.С. мыйзамдуу камкоорчусу болуп калгандыгын билдирген. Жаш өспүрүм кыз да, Х.Ш. менен никеге турбагандыгын ырастап чыкты.
Ал эми, жаш өспүрүм кыздын мыйзамдуу камкоорчусу 45 жаштагы К.С., укук коргоочу Камиль Рузиевдин социалдык баракчадагы билдирүүсү чындыка дал келбестигин билдирип, иниси каза болгондон кийин, анын кызын Д.Жга өз кызындай камкордук көрүп жаткандыгын, ар дайым көзөмөл жүргүзгөндүгүн жана эч нерседен кем кылбай тарбиялап жаткандыгын маалымдады. Ал дагы, Х.Ш. менен Д.Жнын ортосунда нике салты өткөрүлгөндүгүн четке какты.
Аталган фактыны объективдүү жана толук кандуу териштирүү үчүн, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button