Адабият
Сыздаткан тагдыр (аңгеме)
«Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй — бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй-бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек. Чоң атам көп балалуу, уулдарынын баарын үйлөп-жайлап, кыздарын берип тындырышкан. Менин атам уулдун экинчиси. Баарын бөлсө да, бизди негедир бөлгөн жок. Апам менен атам үч кыз, эки уулдуу болсо да, өздөрүнчө бөлүнөм дебей, чоң ата, энемдин ыктыярынан чыкпай, мал багып, кетмен чаап, дыйканчылык менен тиргилик өткөрүштү. Мал демекчи, малдын баары чоң атамдыкы эле. Жайы жайлоодо, кышы кыштоодо атам менен апам бешөөбүздү жетелеп мал артында, кетмен көтөрүп талаада эле. Үйгө келгенде деле апамда тыным болчу эмес. Кир жуумай, короо шыпырмай, нан жапмай. Чоң атамдын башка уул, кыздарынын кири да апамдын мойунда эле. Биз кол арага жарап калган мезгилде, ошол үйдүн түйшүгү бизге жүктөлдү. Жылаңайлак тызылдап, барын кылабыз. Бирок жакшы сөз укпадык. Чоң атамдын кыздары келген мезгилде чоң энебиз өзгөрүп кулжуңдап калчу. Атам жоош, ак караны ажыталбаган, чечкинсиз, жалтак да болгонун мына эми сезип отурам.
Анткени эжелерим келгенде атам да өзгөрүп калчу. Себеби жок апамды чыркыратып сабап, тепкилеп салат эле. Бир ичсе айлап ичип, апамды кубалап уруп кордосо, апам байкуш кой канага түнөп, тизеден ылай кечип жүрөгүнүн арасына бекинип таң атырчу. Баралы десек жөнөтүшчү эмес. Атам уктаганда апам байкуш акырын келчү да, биздин арабызга жатып алчӯ. Улам бирибизди жыттап, ыйлаганын билдирбей сызылып таң атырчу. Эрте мененки тиргилик апамдын мойнунда эле. Таң атпай, нан жаап, мал саап, кир жууп, чоң атамдын сулкуйган кыздарын, балдарынын тамагын даярдачу. Байкуш апам, ошончо түйшүктү кабагым ашым дебей аткарчу эле. Атам акча тапса энем алып койчу да күйөөдөгү кыздарына айылчылап он, жыйырма күндөп жүрүп келчү. Кийими эскирип бозоруп, жылдызы өчүп, жайнаган көзүнүн күлгөнүн элестете албайм апамдын.
Сызылып баарына чыдаган экен байкуш апам.
Чоң атамдын кыздары белек, бечкек алып келсе да апамдан башка келиндерине алып келишчү. Апам белек албаганын капарына да алчу эмес, бирок сулуу көздөрү муңайып калчу. Апам сурап алаары жок үй кызматчыдан айырмасы жок эле. Кээде атамдын токмогуна чыдабай качып таенемкине барат элек. Бирок бизге ал жакта да орун жок эле. Байкуш апам ыйлап ыйлап жолго түшчү элек. Көрсө таенебиз өгөй экен. Болбосо упураган кызына кантип жаны ачышпайт. Биздин бала чагыбыз апамдын муңга баткан сулуу көзу, сумсайган элеси менен өттү. Барар жеринин жогунан, балдарым деп адам чыдагыс азапка кайыл болгон экен.
Мына, андан бери бир топ убакыт өтүп, мен 35 ке чыгып калдым. Бешөөбүз тең окуп, турмуштан орун таптык, бирок… бирок. Апам мындан беш жыл мурун инсульт алды. Бөбөктөрүм акыл эстүү жетилип, апамды жакшы карадык. Беш жылдан бери төшөктө. Сүйлөй да албайт, акылы даана. Апамдын үнүнө, күлкүсүнө зар болуп келебиз. Ой жүгүртүп апамдын качан бактылуу болуп сүйүнгөнүн, көзү күлгөнүн, же жакасы агарып жаңы көйнөк кийгенин эстей албайм.
Азыр баарыбыз баарын алып келсек да, апамдын кийгенге чамасы жок. Көзү менен гана сүйлөшөт. Атама катуу нааразы окшойт, кабагы бүркөлө түшөт. Мен өзүмдү жектеп келем. Он, он беш жыл мурда айылдагы айылдаш абысындары апамы чакырып туулган күндөрдө отуруп калышчу. Ырдап, бийлеп көңүлдөрүн көтөрүшчү келиндер. Үйдөгү чырдан тажаппы, айтор апамдын теңтуштары менен күлүп жайнап отурганына тыюу салат элек, мисалы мен. Апам ошондо 35-40 эле жашта болгон экен.
Уялам ошол күндөрүмө, апамдын күлқүсүнө, үнүнө зр болоорумду билсем го атаганат. Турмушка чыктым «кайын журтума, күйөө балаңа уят» — деп дагы, дагы эркин байладык. Алардын апам менен не жумушу бар эле дейм да. Кӯрулай намыс эле экен бул. Эми кийимдин түрүн, тамактын түрүн алып барсак, дарманы жок көзү менен ымдап, жалдырап гана жатат алтыным. Бул ыраазы болгону.
Ойносо оюнга тойбой турган гүл курагын, толуп турган жаштыгын, өмүрүн бизге арнап, азапка чыдап жайнап күлбөптүр деле. Күйөөнүн запкысы, кайын журттун басмырлоосунан чыгалбаган апамды «уят, эл эмне дейт, туулган күнгө барбаңыз, абысындарыңа кошулбаңыз» — деп эркиндигине, күлкүсүнө чек коюп, аябай упуратыппыз. Байкуш апам, көрсө кичине болсо да көйгөйдөн алаксыйын деген тура. Абысындары да апамдын жакшы адам экенин билип, атайы чакырып, жакшы айтып көңүлүн көтөрүшчү тура.
Бир чоң апаларыбыз бар, бир жолу мени өлө кейиди, «ай кыз, апаңды мынчале кыйнайсыңар, балдары силер көрбөсөңөр ким көрөт апаңардын акыбалын. Кичине болсо да көңүлүн көтөрүп алсын. Кыз апасына тартып турат. Түшүн апаңды, артынан сая түшкөндү токтоткула. Кӯдай урбадыбы эми? Апаң эмне үй кызматчыбы силергё? Апаңдан башка канча келин, қанча аял жүрөт, өз тамактарын кылып жей албайбы? Силер аябасаңар ким аяйт апаңарды, силерден башка эч кимиси жок»-деди.
Сегизде окуйт элем, башыма чапкандай болуп чочуп, уйкудан ойгондум. Бала болсом да намысыма келдим, «чын эле эй, апамсыз ошол чоң коргондун тиргилиги кантет эле» — деп ойлоп үйгө кеттим.
Апам жок болсо идиш жуубай, нан бышпай, кир үйүлүп, короо шыпырылбай калчу. Мен кол кабыш кылчумун. Мына эми ойноп күлөөр мезгилде беш жылдан бери кыймылсыз, тил оозу жок, көзүн жалдыратып жатат. Атам эркек киши да, кээде күнөөлүүдөй апамдын колу-бутун укалап, чачын тарап, бети колун жууп калат. Мындайда кыраакы жаным апамдын маанайын байкаймын. Атамды тик карабай мустайып, көзүн ала качып жата берет, Сулуу көзүнөн ызалыктын эпкини көрүнүп, төгүлгөн кирпиги жерден көтөрүлбөйт.
Көңүлү калып калган экен байкуш апам. Кээде атам ичип алса апама сүйлөнүп калат. «Же өлбөдүң же калбадың, катын алам башка, өлсөң эртереек өл, болбосо сакай тез» — деп. Мындайда апам жаш төгүп гана жата берет. Жек көрүп кетем өз атамды. Атам убагында коргоп алса, апам жыгылбаса керек эле. Эми төшөккө жатып калса, айтканын көр. Апакем аай, неберелери келсе көзү жайнай түшөт, кучакташса көзүнө жаш чая шуу-шуу жыттап жыргап калат.
Эң кичине келинибиз чыйрак чыкты. Апамды баладай бакты. Биздин тиргилигибиз бөлөк, ошентсе да бир бутубуз, оюбуз ошол үйдө. Келиним апамдын чачын, боёп макияж жасап, тырмагына чейин жасап, ар түрдүү сүрөткө тартып турат. Сулуу апам сүрөтүн көрүп жылмайып алат. Күндөн күнгө жылыш болуп баратат. Караган доктуру да жакшы кабар айтты.
Апакем сакайып баратат. Кубанычымда чек жок. Беш жылдан бери баарыбыз жетим калдык апа, кечир бизди. Кудайым боор ооруду окшойт. Көз жашыңызды көрдү ээ жаратканым. Баары жакшы болот.
Келинимдин жакшы кароосу, апама үмүт берди. Ал апам менен сүйлөшүп, музыка коюп, бийлеп, ырдап берет экен. Тамакты өз колу менен берип, жанына колякага баласын отургузуп алып:
— Апаке караңызчы Нурчигиңизди. Чоңоюп калды. Жазда басат буюрса, ага чейин сиз да жакшы болуп, небереңизди жетелеп паркка барасыз ээ апа. Ошон үчүн сиз жакшы болушуңуз керек. Неберең үчүн, мен үчүн апаке кайра кайтып келиңиз мурунку жашоого» деп сүйлөп атыптыр. Апамдын көзү жайнап ыйлаба деп белги берип, жылмайып турат. Мына ошондон баштап апамда жылыш бар. Колдоруна, буттарына жан кирип кыймылдап, ал тургай кыска сөздөрдү сүйлөп калды. Катуу сагынган экенбиз кучакташып, жытташып бүтпөй келебиз. Кудайым апамды кайра берди бизге.
Аял алам деп оолуккан атамдын «бапиги» басайып калган. «Атаңар оорукчан аялды карап отурмак беле алса алсын аял, апаңар бүгүн бар, эртең жок» — деген бир туугандарынын дымы өчтү. Отуз жылга жақын оту менен кирип, күлү менен чыкты эле апам. Жакшылап алын сурап коюшкан жок чоң атамдын кыз, уланы. Көргөнү келгени таңыркап, сыртка чыгып «доктур не дейт, жакшы боло бекен» — деп сурашат.
Арданып биз апамды эч кимдин көзүнө көргөзбөйлү, күчтүү доктурга көргөзөлү деп шаарга алып келе бердик. Чоң иним өтө кыйын, барып чоң атамдын короосундагы малды чекесинен сатты. Кой дегендер менен мушташып да кетти. Бодо мал көп экен. Анын баарын көбөйткөн апам байкуш эле.
«Алманы аким, таякты жетим жейт» болуп, пайдасын башкасы көрчү. Эстей албайм мал сатып биздин, апамдын кийим кийгенин. Ал тургай курут, майы да, тонналап алган картошкасы да чоң атамдын кыздарынан ашчу эмес. «Эшек иштеп, ат жейт» эле. Иним малды сатып шаардын четинен үй алды, апамды ошондо карадык. Акыры апамды ошол азаптан, сормодон сууруп алдык, бирок кыймылсыз. Өтө кеч, бирок үмүт чоң.
Күндөн күнгө апамдын жүзүнө кызыл жүгүрүп, талпынган небереси менен кошо талпынып, жөрмөлөп келип басып жыгылып өпкүлөп ойногон Нурчиктин кылыгына балкып апам, оңолуунун аракетинде. Беш жылда чачы да калбады. Кыркып койсок апамдан өткөн сулуу жок.
Кечир апаке жаман балдарыңды. Убагында колдогонубуз үчүн. Биз сизди сагындык. Үмүтүбүз чоң, тогуз айлык Нурчик менен тең кадам шилтеп басып калаарыңызга ишенебиз. Жакшы болуп кетсеңиз бизге ошол жетет. Кетилген көңүлдү толтуруңуз, жоготкон, кур өткөн жылдарыңызды табыңыз. Курбу курдаш күтүңүз, болгону оорубаңыз.
Биз сизге чек койбойбуз төрүбүздө гана отуруңуз апакем.
Сизди сагынган үй-бүлөңүз, балдарыңыз жана мен Айзадаңыз.
Автору Кундузбүбү Маматова