Азамат сыяктуу эркектер калбаса керек, эркектин баары окшош дечү элем…
Кыштын күнү, сыртта кар. Бүгүн дем алыш, жалгыз отуруп зериктим. Балдар уктап жатат. Кабат үйдө кылаарга иш жок. Бир сыйра чаңдарды сүртүп, кийимдерди иреттеп кайра эле айланып балконго келем. Жөн эле отура бергенден алдагы дүкөнчү эженин жанына барып акыркы кабарлардан угуп келейин деп сырттка чыктым.
Үйдөн чыкканда эле дүкөндөр катарынан тизилип турат. Эң биринчи дүкөндө жашы 50 гө чукулдап калган эже иштейт. Жаш кезинде аябай сулуу болсо керек, азыр беттериндеги бырыштары эле болбосо аябай өзүнө караган жакшы эже. Бул районго көчүп келгениме аз эле болгон. Бир күнү айлык кармалып, акча жок калдым. Айла жок, балдар ачка болбосун деп, ошол эже менен таанышып, карызга нан, картошка алгам. Ошентип экөөбүз ынак болуп кеттик эже менен. Эженин айтымында бул жерде жашагандар баары эле карызга соода кылат. Айлыктары чыкканда берип кетишет экен. Таза абада басып жүргөн киши болуп эженин дүкөнүнө кирдим. Ар дайымкыдай жайдары тосуп алды:
— Кел, келегой. Аябай уктагансың го көздөрүң шишип, — деп күлүп калды.
Ооба, деген киши болуп баш ийкеп жанына отурдум.
— Бүгүн дем алыш, кишилер баары уктап жатат, эми турушат. Ушул шаардыктар дем алышта түшкө чейин уктаганды жакшы көрүшөт, — деди эже.
Экөөбүз ал жай сурашып, аба ырайын, интернеттеги жылдыздардын жооруктарын сөз кылып отурсак сырттан томпойгон бою анча узун эмес, орто жаштардагы байке келип:
— Кандайсыз эже, жакшысызбы, мени күтүп жаттыңыз беле, айлык кармалып, мына эми карызды берип кетейин деп келдим. Алып чыгыңыз дептериңизди, — деп калды.
Эже акырын ордунан туруп:
— Кел Азамат, кандайсың иштериң жакшыбы? Балаң жакшы болуп калдыбы? — деп сурашып, дептерин ачып 7500 сом экен э, — деп Азамат деген жазууну чийип жатты.
Байке карызын төлөп, дагы майда-чүйдө алып чыгып кетти. Ал кетээр менен эже мени карап:
-Бири кем дүйнө. Азыркы адамдарга таң калуунун деле кажети жок. Мына жигитти көрдүңбү, бир жакшына ичпейт, чекпейт, тескери баспайт, тиги келесоо аялы ушундай алтын жигитти таштап басып кетти. Ортодо үч бала калды. Элдер мындай эркекти арзуу кылат. Канча жылдан бери ушул жерде батирде турат. Иштеген иши деле жакшы, балдары келсе кийим алып берип, ойнотуп кайра Таласка аялына салып жиберет. Бая күнү айылда балдар улуу баласын сабап салып азыр ооруканада. Өзү карап жатат. Кирин жууп, эт кайнатып барып, баласын үстүнө түшүп карап жатат. Алдагы аял сөрөйү билбейм кайда эмне кылып жүрөт. Ошол аял менин жанымдан чыкса башына эле бир чапмакмын….. Ушул эле баланын тушунда жашаган үй-бүлө бар, ит-мышык. Күйөөсү ичет, аялын урат. Ошондо да кетпей жармашып балдарым деп аялы байкуш жашап жүрөт. Кээде келгенде айтам, алдагынтип көздөрүңдү көгөртпөй кетип эле калчы деп. Эч нерсе эмес эже, бир күнү оңолот деп карызга азык-түлүк алып кетет. Ойлоп калам тиги Азамат менен ушул келин бир үй-бүлө болсо кандай болоор эле деп. Кудай деген эки жакшыны кошпойт да, — деп эже улутунуп алды.
Анан мага карап:
— Кел сени Азамат менен тааныштырам, — деп калды.
— Жо-о-ок эже, менин да балдарым бар, байкенин балдары болсо, анан болбой калат го. Балдар ойгонуп калган чыгар эже мен үйгө барайын, — дедим. Эжеден жумуртка, сүт алдым да үйгө келдим.
Мен Азамат байке сыяктуу эркектер калбаса керек, эркектин баары окшош дечү элем. Анткени өзүмдүн жолдошум мындан 7 жыл мурун Россияга иштегени кеткен. Башында акча салып, балдарды сурап телефон чалып турчу. Кийин эки жылдай өткөн соң чалсак албайт. Телефону көбүнчө өчүк болот. Көрсө бир өзбек аялга үйлөнүп алыптыр. Алгач укканда ишенген эмесмин. Акыры айыл ичи-күбүр шыбыр сөз боло бергендин артынан издеп бардым. Мени көрүп таң калган күйөөм ордунан турганга жараган жок. Берки алган өзбек аялы ажылдап, үйүнөн кууп чыкты. Мен көргөн көзүмө ишенбей нес болуп, кайра артыма келе берипмин. Бир топ өзүмө келбей жүрдүм. Ошондон бери эркек аттуудан көңүлүм калды. Ал жок мен, үйдө аял сыртта эркек болуп, сагынып, кудайдан амандыгын тилеп, эсен-аман иштеп келсе деп жүрүпмүн. Азыр балдарды өзүм иштеп багып, балдарымдын жетилип, чоңоюп келе жатканына шүгүр кылып жашап жатам….
Автору: Жазгүл Баяналиева
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.