Блогер блок

Көргөн көзүмө ишенбей турдум, арадан туура 30 жыл өткөн соң, күтүүсүздөн кезиктик….

Качанкы бир ортобузда калган сезим ушундай нукта уланат деп эч ойлогон эмес элем. Убакытты карачы, канчалык сенден алыстап, унутуп, башкага баш кошуп, бүлө күтүп, небере жыттап отурганда кайра бизди кезиктирди. Сени көргөндө кадимкидей калтырап, көргөн көзүмө ишенбей турдум. Туура арадан  30 жыл өткөн соң, күтүүсүздөн кезиктик. Бирок бул ирет жалгыз эмес жаныбызда эң жакын деген адамдардын курчоосунда. Негизи ушул көкүрөк күчүгүм уулум өзүмдү тартты. Сүйлөгөнү, басканы караганы мүнөзү баары-баары мени тарткан. Эми мынтип жүрөк сүйгөн кишиси да дал келип сенин ортоңчу кызың болуп калганын кара.

Мен бирок сезип жүрчү элем качандыр бир кезде көзүм өткөнгө чейин сени менен жолугам деп. Туура, ал кезде ата-энебиз, сен Таластан мен Көлдөн болуп, биздин баш кошуубузга тикеден тик туруп каршы чыгышкан. Бирок биз ата-энебиз айтканына каршы чыкпай, чогуу өткөргөн татуу күндөрдүн курмандыгы болуп эки башка жолго түшкөн элек.

Чынында сенден айрылуу мага кыйын болду. Мен үйлөнгөндөн соң бир топ мезгил сени элестетип жашап жүрдүм. Акыры турмушка чыкканыңды укканда бүтүндөй түңүлдүм. Кыялымда сен дагы деле меники болчусуң да.

Эми карачы мынтип күтүүсүздөн балдарыбыз кезиктирди. Балам үйлөнүү тууралуу сунуш  киргизгенде, алгач таанышалы,ата-энеси теги ким деп сурадым.  Ошентип жаңы кудалар менен таанышканы жол алдык. Бирок негедир жүрөгүм башкача согуп, жаш баладай кубанып алган элем. Көрсө жүрөк чиркин сезген  тура сага баратканын. Жолугушчу жерге баланын ата-энеси катары биз эртерээк келдик. Көп өтпөй силердин машина келди. Балам  силер экениңерди айтып бир топ эскертүү берди.

Машинеден түшкөн селкини көргөндө сенин жаш кезиңди көргөндөй болдум. Ал сенин мага келин болуп үйүмө келчү кызың тура. Анын артынан жолдошуң экөөң жанаша түштүңөр. Оозума сөз келбей каттым да калдым.

Ошол мүнөттөрдө ортодо сөздөр айтылып жаткан менен, ички жан дүйнөдө экөөбүз сүйлөшүп жаттык. Белгисиз бир сыйкыр үн экөөбүздү сүйлөштүрүп жатты.

Үйгө келгенде уулума ушул кызды аласың дедим. Кандай болгон күндө да ушул кызга баш кошуп бактылуу болооруңа ишенем деп чечкиндүү айттым. Анткени сенин жаш кезиңди,күлгөн күлкүңдү үйүмдө жаңырып туруусун кааладым. Бир кезде жетпей калган эки жүрөктүн арзуусун эки балага буйруган соң, аларды ажыраткым келбеди…..

                                               

  Автор   Жазгүл Баяналиева

 

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button