Экономика

Бишкекте 13 чачтарач жана сулуулук салону патентсиз иштеген

Бишкекте патентсиз иштеген 22 субъект аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери борбор калаада бир күндүк рейд жүргүзүп, милдеттүү патенттин жана камсыздандыруу полисинин негизинде салыксыз иштеген 22 субъектти табышты.

Эки сауна, мончо, акча алмаштыруучу жай, 13 чачтарач жана сулуулук салону, үч тиш дарыгери жана эки унаа жуучу жай салык төлөбөй иштеген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында салык органдары айып пул төлөп, милдеттүү патенттин берилишин камсыз кылышкан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button