Дил маек

Садыр Жапаровдун өзүнө жолугуп, аны менен сүрөткө түшүп, баарлашкым келет

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровко түспөлдөш жигиттин сүрөтү тарап, көпчүлүк аябай окшош экен деген пикирлерин калтырган. Ал эми, Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ошол жигит менен маек курду.

Садыр Жапаровго сүрөттөн эле эмес, жаныңыздан көргөндө да абдан окшош экенсиз.

— Кыргызстанга келип окуй баштаганда эле «Садыр Жапаров деген саясатчы бар, ошол адамга түспөлдөшүп кетет экенсиң» деп окшоштуруп калышчу. Кийин ал президент болгондо көчөдө, коомдук жайларда мени таң калгансып карагандар көбөйдү. Мындай учурда өтө ыңгайсыз болуп, баары жакшы элеби деп өзүмдү карап коём. Чыдабагандар «Жапаровдун баласы же иниси эмессиңби?» деп сурап жиберишет.

— Сизди казак улутунун өкүлү деп уктук. Бишкекке убактылуу келдиңиз беле?

— Ооба, өзүм казакстандыкмын. Казакстандын Тараз облусунда төрөлүп-өскөм. Кийин Кыргызстанга медициналык окуу жайга тапшырып, бул жакта окуп калдым. Университетте жүргөндө бирге окугандар белгилүү саясатчыга окшоштурушчу. Өзүм саясат менен деле ишим жок, эч кимди тааныбайм, этибар деле алган эмесмин. Андан кийин ал киши тууралуу интернеттен окуп билип, тааныгам.

Бир ирет паркта эс алып жүрсөм улуураак бир байке мени көзүн албай карады. Ары өтүп, бери өтүп карап жатканын сездим. Бир маалда жаныма басып келип «Ай балам, сен Садыр Жапаровдун баласы же туугандары эмессиңби» деп сурады. «Жок» десем, «аябай окшош экенсиң» деп кеткен эле.

— Жапаровдун сүрөтү менен кошо жасалган коллаж эки күндөн бери соцтармактарда жайылып, колдонуучуларды таң калтырууда. Аны өзүңүз жасадыңыз беле?

— Жок, элдин баары окшоштурганынан коллаж сүрөттү карындашым жасап коюптур. Анан соцтармактагы активдүү колдонуучу деген бир кызга жибериптир. Ал биздин сүрөттү Instagram баракчасына жарыялап, ошондон жайылып кетти. Сүрөттү биринчи айым да көрүп, мени президентке окшоштурду деп уктум.

— Жапаров да соцтармактын активдүү колдонуучусу эмеспи. Сүрөттү көрсө керек.

— Балким. Садыр Жапаровдун өзүнө жолугуп, аны менен сүрөткө түшүп, баарлашкым келет. Эгер мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө абдан кубанычта болмокмун.

— Сүрөтүңүз интернетке тарай баштаганда жазып, чалгандар да көбөйсө керек.

— Ооба. Баары эле «президентке куюп койгондой окшош экенсиз» деп жазып жатышат.

— Жеке жашооңуз да азыр көпчүлүккө кызык.

— 28 жаштамын. Ата-энем өмүр бою Казакстанда мамлекеттик кызматта иштешкен. Азыр ардактуу эс алууда. Үйлөнгөнүмө бир жыл болду.

 

Булак: Спутник .кж    Таалайгүл Усенбаева

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button