«Көзүмдү ачсам ооруканада жатыпмын. Мындай болот деп ойлогон эмес элем…»
Бул окуяны эстеген сайын, өзүмдүн бүлө күтүп, бактылуу болом деген кыялым ишке ашпай, канчалык тырышып, аракет кылган сайын сай-сөөгүм сыздаганча токмок жеп жабыркаган күндөрүм көз алдыма тасмадай тартылат. Намыс, уят деген сезимдер менен туура 7 жыл алышып, соңунда майып болоорго аз калган эле.
Ошол жылдары Россияга барып иштеп, бутка туруп калган убак. Жолдошумдун алыскы туугандары атамды таанышчу экен. Ошонун кызы тың, балаңарды сүйрөп бутка тургузат деп ала качып үйлөндүк. Жолдошумду ошондо биринчи ирет көрдүм. Ачыгын айтсам бирнчи көргөндө эле жүрөгүм жылыган эмес. Жеңелерим келип, “кетсең уят болот, бир эрден чыкты деген атка каласың” деп ыйлаганыма болбой таштап кетишти. Жолдошум бир үйдүн жалгыз баласы экен, андан кийин эки карындашы бар.
Турмушка чыккан ушул экен деп, жолдошумду бутка тургузуу үчүн кара жанымды карч уруп иштедим. Аны туугандары менен Россияга алып барып, соода кылдык. Убакыт өтүп, үй алдык, турмушубуз оңолуп баратты.
Күндөрдүн биринде журөгүм айланып, тамактын жыты жакпай, бир кызыктай боло баштадым. Көрсө эне деген статуска ээ болгон экенмин. Курсагым чоңойгон сайын базарга чыкпай үйдө отуруп калдым. Жолдошумдун баскан турганы өзгөрүп, корсоңдоп эле калды. Бир күнү чай ичип отурсак, бир номер чалды, менин көзүмчө эле “азыр барам, жаным” деп өчүрүп койду. Унчукпадым тамашалап жатса керек дедим. Тамашалабай эле, кыздар менен жүрүп баштаган экен. Аны айтканда жаактан ары бир салды. Жылыбай жүргөн көңүлүм иренжий түштү. Кызым төрөлүп Бишкекке келдик. Ата-энеме сыр бербей жүрдүм. Жолдошум басканын койбоду.
Бир күнү ага “ойногонуңду, басканыңды токтот, үй салдык бүткөрүп алалы. Ушунча ойношторуңду билип унчукпай келе жатам. Атамдын жүзүн жер каратып тигинин кызы күйөөдөн чыгыптыр деген атка калбасын деп сени менен жашап жүрөм” дедим. Атырылып, көзү чанагынан чыкчудай болуп отурган жеринен бир тепти. Ичим түйүлүп бурчка отуруп калдым. Экинчи ирет эне болмок экенмин, аттиң, жолдошум ичке тепкенде бала түшүп калды. Ошондо эле кетип калайын деп, куру намыска алдырып жүрө бердим. Кызым чоңоюп 5 ке чыкканда Ош базарга иштеп жүрдүм. Соода кылганда күлүп турсаң, жылуу сүйлөсөң кардар келет эмеспи. Жолдошума бул жакпай сен элдин баарына жылмаясың деп сабады. Ушунчалык ачуум келип, каршылык көрсөтсөм “сен катын мага кол көтөрүп калдыңбы” деп уруп кирди. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыпмын. Кабыргам сынып, боорум жарылып кетиптир.
– Ушунча да урабы? Ушунча азап тартканча айтпайт белең. балам, – деп атам менен апам башымда турушуптур.
Атам ачуусу келип, колума түшсө соо калбайт деп жатты. Жолдошум мен эки күн эс учум жоготтуп жатканда Россияга качып кетиптир.
Атамдар кайын энеме барышса, “кантейин атасыз өстү, колумдан келгенин кылдым” деп боздоп ыйлап туруп алды.
Ошентип ажырашып тындык.
Үч, төрт жылдай өзүмө келгенче атамдын үйүндө жашадык кызым экөөбүз. Атам шаардын четинен чакан кафе ачып берди. Ошону иштетип жүрдүм. Эл деген эл экен, жалгыз бой аялды ар кандай сөз ээрчийт экен. Кеткен келин жаман болуп баары бир жаманга чыктым. Екатеринбургдун суугуна чыдап, кирпигиме чейин тоңуп турган күндөр. Жаштыгымдын эң жакшы убагы кайдагы бир акылсыз адам үчүн корогонуна өкүнүп жүрдүм. Бирок, жараткан ошондой оор сыноодон соң пендесине жакшы күндөрдү берээри чын экен.
Күндөрдүн биринде кафеге 4 жигит кирип тамактанышты. Арасынан бирөөсү көзүмө жылуу учурап, жылдыздуу көрүндү. Эртеси ошол жигит жалгыз келди. Бир жумадай келип тамак ичип жүрүп, акыры таанышты. Менден эки жаш кичүү экен. Ал да биринчи турмушунан ажырашыптыр. Экөөбүз достошуп, мен башымдан өткөн күңдөрдү айтып бердим. Кызым да ага көнүп баратты. Ошентип баш коштук. Азыр бир кыз, бир уулдуу болдук. Баарына шүгүр кылам…