Коом
Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ачуу маселелери талкууланды
Пакистандын Лахор шаарына болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев «Onsole» компаниясынын ири бут кийим фабрикасына барды. Бул тууралуу КРнын Тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын ЕАЭБде мүчөлүгүн эске алуу менен Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ачуу маселелери талкууланды.
«Onsole» компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын инвестициялык климатын изилдөө үчүн, ошондой эле түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүү максатында Кыргызстанга келүүгө даяр экендигин билдирди.