Кылмыш-кырсык

“Мурас-Ордо” конушунда инисин бычактаган өспүрүм 2 айга камакка алынды

«Мурас-Ордо» конушундагы инисин өлтүрүүгө шектүү катары кармалган байкеси Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Биринчи май райондук соту 18-мартта кабыл алган.

Белгиленгендей, 16 жаштагы өспүрүм эки айга чейин абакта болот.

Эскерте кетсек, 17-мартта Мурас-Ордо конушунда өспүрүмдүн сөөгү апасы тарабынан табылган. Каза болгон А.М. 13 жашта болчу, анын туугандарынын айтымында, ал талма оорусу менен ооруган жана ал ар дайым жакындарынын карамагында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бир туугандардын ортосунда уруш чыгып, натыйжада А.С., инисин бычак менен сайган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button