Коом

Акыркы суткада,  өлкөдө коронавирустун 115 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду

Акыркы суткада,  өлкөдө коронавирустун 115 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ооруну жуктургандардын арасында бир медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 66;

Чүй облусунда — 42;

Ысык-Көл облусунда — 3;

Нарын облусунда — 2;

Ош шаарында — 2.

Ошондой эле акыркы суткада COVID-19дан 65 бейтап айыкты. Коронавирустан Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 20, Ысык-Көл облусунда он, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында үчтөн бейтап айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 87 652ге жетти. Алардын ичинен 84 339 бейтап айыгып, 1 492 киши көз жумду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button