Экономика

Кыргызстан 5 миң тонна кумшекер жана 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат

Апрель айында Кыргызстан 5 миң тонна кумшекер жана 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ички базарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларына бааларды турукташтыруу максатында КР премьер-министри Улукбек Мариповдун тапшырмасы боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кумшекер жана өсүмдүк майын сатып ала баштады.

Буга байланыштуу 506,294 тонна күн карама майы жана 3046 тонна кум шекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Аталган продукцияларды Кыргызстанга импорттоону ушул жылдын апрель айында жүргүзүү пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button