Саясат

Улукбек Марипов Ташкенттеги технопарк жана IT-паркка барды

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандагы жумушчу сапарынын алкагында «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана IT-паркка барды.

Премьер-министр паркты Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков менен кыдырып, парктын көргөзмө залында болушту. Ошондой эле Өзбекстанда чыгарылган атайын техника, транспорт каражаттарын жана лифт чыгарган блокторду көрүп чыгышты.

Ал эми IT паркта Марипов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов заманбап технологиялар менен таанышып чыгышты. Мындан сырткары, делегациянын башчылары келечектеги IT шаарчанын долбоору тартуулаган аянтчада болушту.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button