Коом

28-сентябрга карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас жеринде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл чөлкөмүндө +14…+19, Нарын облусунда +15…+20 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +23…+25, Ош калаасында +24…+26 градус жылыйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-августка карата аба ырайы

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Талас жергесинде +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +14…+19, ал эми Нарын районунда +13…+18 градус жылуу болот.

Бул күнү Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +19…+21, Ошто +22…+24, ал эми Чолпон-Атада +17…+19 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-июлга карата аба ырайы

Бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас жергесинде +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +22…+27, ал эми Нарында +27…+32 градус ысыйт.

Бул күнү Бишкек менен Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30…+32, Ошто +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Сулайман-Тоо» музейи 28-августка чейин жабылды

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи убактылуу жабылды.

Аталган музейден билдиришкендей, тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу музей шаар тургундары жана коноктору үчүн 2023-жылдын 5-июлунан 28-августуна чейин жабык болот.

Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,3 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 357 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 701 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 430 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат

Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат. Бул күн Курман айт майрамына карата кызыл менен белгиленген.

Белгилей кетсек, өлкөдө 28-июнда Курман айт майрамы белгиленет.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-апрелге карата аба ырайы

Бүгүн,  республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Таласта +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Ысык-Көл жеринде +17…+22, Нарын чөлкөмүндө +16…+21 градусту көрсөтөт.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +28…+30 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-мартка карата аба ырайы

28-мартта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +17…+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +12…+17, Нарында +13…+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +22…+24, Ош шаарында +24…+26 градуска көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкектин айрым райондоруна 28-мартта электр энергиясы берилбейт. График

Борбор калаанын кээ бир райондорунда 28-март күнү электр кубаты өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасынан билдиришти.
Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09:00-17:00 — Исанов, Тоголок Молдо, Күрөңкөев, Шаумян; Табышалиев (№40 үй), Орозбеков, Токтогул көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Ак-Өргө ( Көкөмерен жана Жолдубай) конушунда; Кызыл-Аскер, Ленский, Лазо көчөлөрү, Скандинаровский жана Ленский туюк көчөлөрү. 8-кичи райондо (№1/4 үй), Баку, Совет көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Төмөнкү Ала-Арча (Курманалиев, Совет тупиги, 1 көчөлөрү) конушунда, Келечек, Киргизия-1 (Кожомкулов, Парковая, Онежская, Карельская, Абдрахманов, Абдраимов көчөлөрү) аймагында, Арча-Бешик (Жеңиш, Карельская көчөлөрү), Ынтымак (Жеңиш, Ынтымак, Улан, Эркин) конушунда, Чоң-Арык (Азия көчөсү) конушунда;

09:30-13:00 — Көлбаев (№42 үй) көчөсүндө;

09:30-14:00 — Арча-Бешик (Садырбаев, Түштүк магистраль, Репин, Ахунбаев, Валдайская көчөлөрү) конушунда;

09:30-18:00 — 8-кичи район (№ 29, 29А, 30, 31А, 31Б, 31В үйлөр);

13:00-17:30 — Төкөлдөш жана Менделеев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-февралга карата аба ырайы

28-февралда республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас аймагында +5…+10 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +4…+9 градус жылуу болсо, ал эми Теңир-Тоодо -1…+4 градуска чейин жылыйт.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +9…+11, Ош шаарында +10…+12 градуска жетери болжолдонду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Күн ачык болот. 28-январга карата аба ырайы

Ишемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө +1…+6, ал эми Нарында -4…-9 градус суук болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +3…+5 жана Ош шаарында +4…+6 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-ноябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 28-ноябрга түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +3…+8;

Талас жергесинде  +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында  +10…+15;

Ысык-Көл облусунда +4…+9;

Нарын облусунда  -2…+3;

Бишкекте  +5…+7 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-октябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 28-октябрда республиканын айрым жерлеринде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +5…+10,

Таласта +6…+11,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16,

Ысык-Көл чөлкөмүндө +9…+14,

Нарын өрөөнүндө +7…+12 градус

Бишкекте +7…+9 градус болору күтүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абанын күндүзгү температурасы

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 12-октябрда күндүз өлкөдө жаан-чачын болбойт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +17…+22

Талас облусунда +17…+22

Баткен облусунда +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустарында +20…+25

Ысык-Көл облусунда +14…+19

Нарын облусунда +15…+20

Бишкек шаарында абанын температурасы күндүз +20…+22 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 187 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 24-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 187 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 460 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 325 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 28-апрелде, күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Таласта +20…+25, Ысык-Көл жана Нарында +15…+20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз +23…+25 градуска чейин жылыйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 28-мартта, айрым аймактарда маал-маалы менен жамгыр, бир катар аймактарда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо, ашууларда жолдор тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 9…14 градус, Таласта 8…13, Ысык-Көл облусунда 5…10, Нарында 4…9 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү температурасы 10…15 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы 11…13 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 28-февралда, күндүз Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 12…17, Талас облусунда 10…15 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда 4…9, Нарын облусунда 3…8 градуска жетет.

Ал эми, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 14…19 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы 15…17 градус жылуу болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Дубайда 28 жаштагы кыргыз жараны жаңы төрөлгөн баласын атайылап өлтүргөн деп айыпталууда

Дубай соту 28 жаштагы кыргыз жаранына жаңы төрөлгөн баласын атайылап өлтүргөн деген айып такты. Бул тууралуу «Russian Emirates» сайты маалымдайт.

Иштин материалдарында аял кош бойлуу кезинде баңгизат колдонгону жана кыз төрөгөндөн кийин аны жаздык менен муунтуп өлтүргөнү көрсөтүлгөн.

«Экспертизанын жана соттук -медициналык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, баланын канында амфетамин жана метамфетамин аныкталган, анын өлөр алдында баш сөөгү жана көкүрөк сөөгү сынган. Айыпталуучу үйүндө төрөгөн ымыркайдын сөөгүн алып чыгууга аракет кылганда кармалган. Ымыркайдын сөөгүн кыргызстандык аялдын кошунасы тапкан. Ал чоң таштанды салынган чоң мүшөк менен үйдөн чыгып бара жаткан аялды көрөт, анын ичинде баштык болгон. Ал киши баштыкты көтөрүүгө жардам берүүнү сунуштаган, бирок ал баш тарткан жана баштык жарылган. Анын ичинде ымыркайдын сөөгүн көрүп, милицияга кайрылган. Сурак учурунда айыпталуучу жаңы төрөлгөн кызды жаздык менен муунтуп өлтүргөнүн айткан. Киши өлтүрүүдөн тышкары, сот аны баңгизат колдонгон деп да айыптады «, — деп жазылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Тайгага кулаган Ан-28 учагынын болжолдуу себептери айтылды

Тайгага кулаган  Ан-28 жүргүнчү ташуучу учагынын кыймылдаткычынын иштебей калышынын себеби сапатсыз күйүүчү май болгон. Бул тууралуу оруссиялык басылмалар жазып чыгышты.

Эгерде авиакеросин туура эмес сакталса, ага атмосферадан ным кирет. Учактын ар бир майын куюудан кийин техник бактардын түбүндөгү калдыктарды төгүп салууга тийиш, эгерде анын түбүндө суу табылса, анда учууга тыюу салынышы керек. Бирок,  чакан учактарда бул процедурага көп маани берилбейт.

Натыйжада, учуу учурунда суу тоңуп, күйүүчү май чубалгыларына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондой мезгилде  учкучтар  кыймылдаткычтарды  абада өчүрүп күйгүзө албай калышат. Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү учак акыркы жолу күйүүчү май куюган кампага мөөр басышты. Андагы керосиндин үлгүлөрү экспертизага жөнөтүлөт.

Эске салсак, кечээ, 16-июлда диспетчерлер Кедровыйдан Томск шаарын көздөй бара жаткан Ан-28 учагы менен байланышын үзүшкөн. Куткаруучулар издөө иштерин баштап, көп өтпөй жердеги учакты жана ага жакын жерде  адамдарды табышкан. Көрсө, экипаж кыймылдаткычтын иштен чыккандыгына байланыштуу учакты тайганын так ортосуна кондурууга аргасыз болгон. Учкучтардын чеберчилиги ушунчалык жогору болуп, кыймылдаткычтары жана учуп-конуу тилкеси жок катуу конуу жоготууларга учураган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Коронавирус инфекциясы бөлмөдө 28 күнгө чейин жашай алат

Гуанчжоу Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун инфекционистери коронавирус инфекциясын жуктурган адам колдонгон күнүмдүк буюмдарда канча убакытка чейин инфекция сакталып кала тургандыгын аныкташты. Изилдөө Эл аралык жугуштуу оорулар журналына жарыяланды.

2020-жылы жазында окумуштуулар мейманканаларда жайгаштырылган 39 COVID-19 менен ооруган бейтапка байкоо жүргүзүшкөн.

Изилдөөнүн жүрүшүндө инфекция бөлмөнүн ичинде 28 күнгө чейин сакталып калганы белгилүү болду.

Төрт жума катары менен вирус ваннадагы раковинадан табылды. Үч жума бою ал каналда, эки жума даараткананын отургучунда сакталган. Орточо алганда, коронавирус инфекциясы ар кандай буюмдарда беш күн бою сакталып калган.

Жыйынтыгында, вирустун издери чөйчөктөрдө (100 пайыз), раковиналарда (12,82 пайыз), дааратканаларда (7,89 пайыз) телефондордо (5,56 пайыз) жана тумбочкалардан (5,56 пайыз) табылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 дарыгер вирус жуктуруп алды

2-октябрда бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
-Бишкек — 8
-Ош — 4
-Ош облусунда — 5
-Жалал-Абад облусунда — 2
-Баткен облусунда — 9

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3294 учур катталды, алардын ичинен 3029 медкызматкер айыгып чыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

28-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

 Бүгүн, 28-сентябрда күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +15…+20

Талас облусунда +14…+19

Баткен облусунда +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустарында +20…+25

Ысык-Көл облусунда +14…+19

Нарын облусунда +14…+19

Бишкек шаарында бир аз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы +17…+19 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы +13…+15 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто 28-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан жигит аман-эсен кайтып келди

Ошто 28-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 24 жаштагы жигит аман-эсен кайтып келди. Маалыматты бүгүн, 2-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады.

«1996-жылы туулган жаран 28-августта үйүнөн чыгып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Анын туугандары куткаруучулар бөлүмүнө кайрылышып, Южный каналына түшүп кетиши мүмкүн деген божомолду айтышкан. Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, сурамжылоо жүргүзүү учурунда жигит өзү кайтып келген. Абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомКылмыш-кырсык

Карантин эрежелерин 28 миңден ашуун адам бузду

Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантинде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда КР Ички иштер министринин орун басары Каниметов Мирлан билдирди.

Анын айтымында, 98 жаран КР Бузуулар, жоруктар жана кылмыш-жаза кодексине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган.

«44 жаранга 129 000 сомго айып пул салынып, калган 54 учур боюнча жаза сот тартибинде каралат, анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бардык жарандарды ССМнин карантин боюнча көрсөтүлгөн талаптарын бекем сактоого чакырабыз», — деп билдирди КР Ички иштер министринин орун басары Каниметов Мирлан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

27-майга карата 28 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты

Кыргызстанда бир күн ичинде 28 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 14, Нарын облусунан 8, Жалал-Абад облусунан 6, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1043 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 52 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1520 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жаңы 28 учур катталды. Төртөөсү Тажикстандан келген студенттер

6-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды.

Алардын ичинен
Бишкек ш. – 16
Чүй облусу — 2
Жалал-Абад облусу — 6
Баткен облусу — 4

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, жаңы катталган учурларда Тажикстанда окуган студенттер да бар. Лейлек районунун үч жараны (студент) Кыргызстанга келери менен текшерүүгө алынып обсервацияга жаткырылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен коронавирус бар экени аныкталган.

Республика боюнча 871 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Пандемия: 28-апрелдин кечине карата статистика

Дүйнө жүзү боюнча ооругандардын саны 3 миллиондон ашты. Мындай көрсөткүчтөрдүн сап башында АКШ турат жана анын үлүшүнө COVID-19 коронавирусу боюнча такталган учурлардын дээрлик үчтөн бири туура келет.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө 3,06 млн адам  коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Алардын ичинен 211 миң бейтап каза болуп, 921 миң адам бул илдеттен сакайып кеткен. Сутка ичинде бул ооруну 64 миң адам жуктурган болсо, 4,5 миң адам каза болгон.

Жогоруда белгилеп кеткендей эле бул илдеттен эң эле катуу жапа чегип жаткан өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул жерде COVID-19  менен байланышкан учурлар 1 миллиондон ашып, өлүм саны 56,7 миңге жетсе, 110 миң адам сакайып кеткен.

Экинчи орунда Испания турат жана анда бул оорудан жабыркагандардын саны – 229 миң, каза болгондордун саны – 23,5 миң. Ошол эле учурда 120 миң адам сакайган.

Үчүнчү орун Италияга таандык. Мында ооругандардын саны 200 миң жетсе, каза болгондордун саны 27 миңди түзөт. Ал эми 66,6 миң адам бул илдеттен сакайып кеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкө аймактарында 28-апрелге карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж 66 799 үй-бүлөгө жардам катары   627,73    тонна ун, 101,1 тонна макарон, 84 005 литр өсүмдүк майы, 110,3 тонна күрүч, 106,2 тонна кумшекер, 8 346,61 кг чай, 51 616 кг буурчак, 5436 кг гречка, 10468 кг китлап, 448 кг эт, 11 807 банка коюлтулган сүт, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг таттуулар берилди.                    

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 296 326,53 сомду түздү.

Медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, 76 535 бет кап, 36 858 кол кап, 1250 литр антисептик, 934 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 3 376 даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), 7 555 даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель берилген.    

Ош шаары:

Шаар боюнча жалпысынан муктаж 35749 үй-бүлөгө жардам катары 313 тонна ун, 25300 кг макарон, 30100 л өсүмдүк майы, 17100 кг күрүч, 16300 кг кумшекер, 800 кг эт, 45200 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 21 997,9 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардам катары 4,7 тонна хлор, 133 514 даана бет кап, 2 615 л антисептик, 9 003 даана коргоо костюмдары, 32 430 даана кол кап берилди.

Ош облусу:         

Аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүлүүдө.

Облус боюнча муктаж 84 647 үй-бүлөгө жардам катары 2 928 тонна 580 кг ун таркатылды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекетттик материалдык резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, 38 т 620 кг макарон, 309 т 436 л өсүмдүк майы, 45 т 197 кг күрүч, 20т. 226 кг кумшекер, 7 т 980 кг эт, 23 т 500 кг   картошка берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 596 326 сомду түздү.  

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн 492 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө карата 10 615 азык-түлүк баштыгы жасалып, таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 т 360 кг хлор, 235 898 даана бет кап, 3 245 л антисептик, 4586 даана коргоо костюмдары, 380 080 даана кол кап, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир ИВЛ аппараты, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир ИВЛ аппараты берилди.

Чүй облусу:

Чүй облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 926 625 тонна ун, 80697 кг макарон, 74011 литр өсүмдүк майы, 52596 кг күрүч, 69175 кг кумшекер, 3761 кг эт, 21959  кг картошкө. Мындан тышкары 6 кой жана 10 уй берилди.

Облустун уюмдарына жана жашоочуларына 37922 тонна хлор, 145469 даана бет кап жана респираторлор, 351 даана коргоо костюмдары, 3174 даана кол кап, 903 даана атайын көз айнек, 7464 л антисептик, 96 даана тепловизор/термометр жана башка 14756 атайын медициналык буюмдар  таркатылды. 

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 2840,07 тонна ун, 30706 кг макарон, 66932 л өсүмдүк майы, 19252 кг күрүч, 12873 кг кумшекер, 2453,4 кг эт, 48861 кг картошка берилди. 

Жалпысынан 74682 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 15 013 728 сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 31 тонна 369 кг хлор, 339 487 даана бет кап, 9002 л антисептик,  5199 даана коргоо костюмдары, 52142 даана кол кап,1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, Ноокен районундагы “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан 150 миӊ сом медицина кызматкерлерине,  Кара-Көл шаарында  “Кара-Көл шамы” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 286 медицина кызматкерине азык-түлүктүн түрлөрү, КТГЭС ишканасы 50 адамдын ар бирине 1 каптан ун, 5 литрден май, 5 кг кум шекер,  Таш-Көмүр шаарындагы ишкерлерден  муктаж үй-бүлөлөргө 25 тонна ун берилди.

Ошондой эле, Жалал-Абад шаары жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга жалпы 20400 бет кап, 1950 кол кап, 250 коргоо костюмдары, 1615 даана антисептик, 40 даана дезинфекциялык жабдыктары 869400 сомго алынса, 1880000 сомго 10 тонна 500 кг хлор алынып, Жалал-Абад шаарында дезинфекция иштери жүргүзүлдү. 

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 1259,5 тонна ун, 29 899 кг макарон,  39 426 л өсүмдүк майы, 12 323 кг күрүч, 9016 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2855 кг картошка берилди. 

Жалпысынан 20234 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 млн 534 миң сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  6,5 тонна хлор, 93297 даана беткап, 1847,5 л антисептик, 1855 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол кап берилди.

Баткен шаарында Ас-Сафа Коомдук фонду тарабынан аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 100 кап ун, 500 литр өсүмдүк май, 500 кг кумшекер берилди. 

Жеке ишкерлер тарабынан 400 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 каптан ун жана 5 кг макорон берилди. 

Демөөрчүлөр тарабынан 500 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 25 кг ун, 5 литрден өсүмдүк май, 5 кг гүрүч, 5 кг макорон, 2 кг кант, 1 пачкадан чай  берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 600 тонна 20 кг ун, 50,7 кг макарон, 38 миң 345 л өсүмдүк майы, 19 тонна 641 кг күрүч, 24 тонна 760 кг кумшекер, 1 тонна 692,5 кг эт, 11 тонна 939 кг картошка берилди.

Жалпысынан 28518 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 794 миң 760 сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 466 кг хлор 118 миң 239 даана бет кап, 6692 л антисептик, 4149 даана коргоо костюмдары, 183 миң 867 даана кол кап берилди.

Нарын облусу:

Аймактагы аз камсыз болгон 16 701 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.

Анын ичинен 5961 үй-бүлөгө материалдык резервден, 1661 үй-бүлөгө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, 193 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен, 8886 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан ар кандай колдоолор көрсөтүлдү.

Берилген жардамдар боюнча алсак, облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 636 тонна ун, 19 тонна 202 кг макарон, 27 401 литр өсүмдүк майы, 11 тонна 508 кг күрүч, 16 тонна кумшекер, 1578 кг эт, 1088 кг чай, 250 500 сом акчалай жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 909 литр, 386 таблетка, 40 кг хлор, 97 548 даана бет кап, 1 471,5 литр антисептик, 2130 даана кол кап берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 534,15 тонна ун, 5229 кг макарон, 4768 л өсүмдүк майы, 5564 кг күрүч, 1586 кг кумшекер, 998 кг эт, 100 даана чай берилди.

Жалпысынан 9864 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 340 миң сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор 83800 даана бет кап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол кап берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button