Коом

Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады

Кара-Суу районунун Жапалак айылындагы 75 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Жыпаркуловдун маалыматына караганда аталган бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата 705,0 чарчы метр аянтындагы бала бакчанын имараты бүткөрүлүп, эмеректер жана жабдуулар коюлду.


«Бала бакчада санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүүчү бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр, ошондой эле музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет бар. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары дагы курулду», — деп жазды ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Мектептерде акча чогултуу үчүн 7,5 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып салуу пландалууда

Кыргызстанда мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салууну киргизүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева коомдук талкууга алып чыкты.

Документте айтылгандай, “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору президенттин 2023-жылдын 26-майындагы УП № 136 “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Аталган жарлык менен мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган.

Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүү жолу менен болтурбоого багытталган.

Ошентип, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 741-беренеси менен толукталсын:

“741-берене. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу

1. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу (1-11-класстардагы мектептер), –

жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 75 өлчөмүндө айып салууга алып келет.

2. Мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалган ошол эле жосун, –

жеке жактарга – 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет”.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өзгөн шаарында 75 орундуу заманбап бала бакча ачылды

 

Өзгөн шаарында 75 орундуу заманбап бала бакча ачылды

28/08/23 10:08 АЙМАК0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Өзгөн шаарында 75 орундуу заманбап бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачуу аземине президенттин өкүлү Элчибек Жантаев катышып, билим берүүнүн баштапкы этабында балдарга заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле жергиликтүү тургундарды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, бул мекеме келечек муундун билим алуу, ойноо жана өстүрүү үчүн эң сонун жайга айланат деген ишенимин билдирди.

Белгиленгендей, бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 25 млн 254 миң сом бөлүнгөн. Имарат эки кабаттуу, 19 бөлмөдөн турат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

“Акылман” президенттик лицейине 75 окуучу кабыл алынды

2023-2024-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейине тандоо сынагы аркылуу 75 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 2023-жылдын 15-августунан 22-августуна чейин жүргүзүлгөн тандоо сынагына республика боюнча 1 миң 220 окуучу катышты.

Тандоо экзаменинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган окуучулардын саны:
— Бишкек шаары – 3
— Чүй облусу – 9
— Ысык-Көл облусу – 8
— Нарын облусу – 5
— Талас облусу – 3
— Жалал-Абад облусу – 17
— Ош шаары – 3
— Ош облусу – 18
— Баткен облусу – 9

Лицейге бардык региондордон, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын башка аярлуу категорияларынан таланттуу балдар тандалып алынды. Тизме: https://edu.gov.kg/posts/1987/


Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи» мекемеси түзүлгөн.

Президенттик лицейге 6-классты ийгиликтүү аяктаган окуучулар тапшыра алышат. Мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш ийип, педагогикалык _ кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттары каралат.

Лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткендеги Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Баткен районундагы Ак-Сай айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 21-мартта Ак-Сай айылына барып, курулушка капсула салган.

Бала бакчанын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС аркылуу ишке ашырылууда. Курулуш иштери ушул жылдын сентябрында аяктайт.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, Бакыт Төрөбаев ошондой эле Ак-Сай айылындагы жаңы бүткөрүлгөн үйлөрдөн кабар алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өзгөндө 75 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 75 орундуу “Саадат эне” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланууда. Курулуштун баасы 30 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Оштун 75 жаштагы тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 6 мамлекеттен велосипед тээп өтөт

Кечээ, 5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн шайтан араба менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.

М.Таштановго Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Таштанов 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Парламенттик шайлоого аттанууга 75 партия билдирме берди.Тизме

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия билдирүү берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Билдирүүнү кабыл алуу саат 18:00дө токтотулду.

  1. «Социал-демократтар» партиясы;
  2. «Улуттар биримдиги» партиясы;
  3. «Ишеним» партиясы;
  4. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»;
  5. «Жаратман эл» партиясы;
  6. «Альянс» партиясы;
  7. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;
  8. «Ата Мекен» партиясы;
  9. «Ыйман Нуру» партиясы;
  10. «Эл үмүтү социалдык саясий партиясы»;
  11. «Актив» партиясы;
  12. «Бийлик элге» партиясы;
  13. «Акыйкат Кыргызстан» партиясы;
  14. «Ар-Намыс» партиясы;
  15. «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы» партиясы.
  16. «Күч биримдикте» социалдык-саясий партиясы”;
  17. «Азаттык” демократиялык партиясы”;
  18. «Ынтымак» партиясы;
  19. «Аалам» партиясы;
  20. «Тилектештик» партиясы;
  21. «Ак Асаба» партиясы;
  22. «Социалист» партиясы;
  23. «Ак Бата» партиясы;
  24. «Күчтүү регион» партиясы;
  25. «Адилет» партиясы;
  26. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы;
  27. «Мекенчил эл» партиясы;
  28. «Бирге-Вместе» партиясы;
  29. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”;
  30. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия»;
  31. «Менин Мекеним» партиясы;
  32. «Келечек-Будущее» партиясы;
  33. «Элдик партиясы»;
  34. «Биздин эл» партиясы;
  35. «Жаңы ЭРА» партиясы;
  36. «Аруузат-Эл Куту» партиясы;
  37. «Жаңы Мезгил» партиясы;
  38. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы;
  39. «Нур» партиясы;
  40. «Элдик кыймыл партиясы»;
  41. «Кыргызстан элдеринин конгресси» партиясы;
  42. «Айкөл Кыргызстан” элдик кайра жаралуу” партиясы;
  43. «Либералдык-прогрессивдүү” элдик кайра жаралуу” партиясы;
  44. «Асаба” элдик кайра жаралуу» партиясы;
  45. «Ордо» партиясы;
  46. «Аманат» партиясы;
  47. «Эмгек» партиясы;
  48. «Улутман” партиясы;
  49. «Чоң Казат» партиясы;
  50. «Багыт» Кыргызстан либерал – демократиялык партия”;
  51. «Асыл-Мурас Жаштар”;
  52. «Замандаш» партиясы;
  53. «Жашасын Кыргызстан» партиясы;
  54. «Акшумкар” партиясы;
  55. «Туран» партиясы;
  56. «Улуу-Журт» партиясы;
  57. «Адам укугу» партиясы;
  58. «Айкөл Кыргызстан» партиясы;
  59. «Эгемен Кыргызстан» партиясы;
  60. «Легалайз» партиясы;
  61. «Тынчтык» партиясы;
  62. «Кыргызстандын дыйкандары партиясы»;
  63. «Чындык» партиясы;
  64. «Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы»;
  65. «Реформа» партиясы;
  66. «Мурас» партиясы;
  67. «Ак Санат» партиясы;
  68. «Ак-Ниет» партиясы;
  69. «Баба Дыйкан» партиясы;
  70. «Кыргызстан» партиясы;
  71. «Ак-Шам» партиясы;
  72. «Ашар-Алтан» партиясы;
  73. «Кыргызстандын шериктеш элдери» партиясы;
  74. «Эркин Кыргызстан» партиясы;
  75. «Эне жүрөгү» партиясы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Турак жайсыз калган жарандарга жалпы 75 мобилдүү, көчмө үйлөр жана чатырлар тигилген

КР ӨКМнин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр тигилип берилди. Бул тууралуу  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Ал эми Кызыл-Ай коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр берилип, ӨКМнин Баткен аймактык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан тигилип берилди.

Белгилей кетсек чек арадагы куралдуу жаңжалдан, облуста жалпы 136 үй жараксыз абалга келген. Анын 93 Лейлек районунда, 43 Баткен районунда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Республиканын 75 спорт мектеби акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтөт

Урматтуу жарандар, сиздер «Балдарды жана жаштарды спорттун түрлөрү боюнча машыктыруу» мамлекеттик кызматын 75 уюмдан (ОРБӨМ, БӨМС) ала аласыздар.
Бул мамлекеттик кызмат Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагындагы дене тарбия жана спорт мекемелеринде бүткүл республика боюнча акысыз көрсөтүлөт.
Балдар, өспүрүмдөр жана 28 жашка чейинки жаштар төмөндө көрсөтүлгөн документтерди берип, спорттун түрлөрү боюнча ар түрдүү секцияларга жазылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. (кеңири маалымат Мамагенттиктин www.sport.gov.kg сайтынын «спорттук мектептердин маалымат базасы» бөлүмүндө):
— эркин формадагы арыз;
— 086 белгиленген формасындагы медициналык маалымкат;
— жашы жете электер үчүн ата-энелердин эркин формадагы жазуу жүзүндөгү уруксаты;
— ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөсү;
— 3×4 өлчөмдөгү (4 даана) фотосүрөт.
Кошумча суроолор боюнча 0312 32-53-02, 0704 66-61-12 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
Маалымат иретинде:
Машыктыруучу-окутуучулардын жалпы саны-1767
Машыгуучулардын жалпы саны-49 416.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эки аптада 75 миң адам эмдөөдөн өтөт

Эки аптада 75 миң адам эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифингде билдирди.

«Эки аптанын ичинде 75 миң адамды эмдөөдөн өткөрөбүз деп пландап жатабыз»,- деди Гульбара Ишенапысова.
Маалым болгондой, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өтөт. Андан кийин медицина кызматкерлери, мугалимдер жана башкалар өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Финпол: 75 медицина кызматкерине иш козголду

Пандемия башталгандан бери Саламаттык сактоо министрлигинин 75 кызматкерине карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө жана Тез жардам кызматына унаа сатып алууда коррупциялык фактылар аныкталып, ири суммадагы чыгым тууралуу кеп болууда.

Бул иштердин бири боюнча сентябрь айында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Финполдон билдиришкендей, тийиштүү кызматтагы адамдарга шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча иш козголгон.

Чолпонбаев 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин министр болуп турган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Бул мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

АКШда коронавирустан каза болгондор 75 миң кишиден ашты

Федералдык жана жергиликтүү бийликтердин пандемия учурундагы маалыматтардын топтоп жарыялап туруучу Жонс Хопкинс университетинин маалыматы АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 75 миң кишиден ашты.

Бейшемби күнкү алынган маалыматтарга карата АКШда 75 054 адам COVID-19 вирусунан каза болсо, учурда аны жуктуруп алгандардын саны — 1 245 622, ал эми каза болгондор – 190 миң адамды түзгөн.

Ошол эле учурда Россияда бул ооруну жуктуруп алгандардын саны – 177,1 миң, каза болгондор – 1625.

Кошумчалай кетчү нерсе, бүгүн дүйнө жүзү боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны – 3 784 085, каза болгондор – 264 679, оорудан сакайып кеткендер – 1 255 685 адамды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ош: гүл менен «75 жыл» деп жазылды. Сүрөт

Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин алдына 9-Май — Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына гүлдөн «75 жыл» деп жазылды.

Аны Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын кызматкерлери ишке ашырган.

«Катар тигилип турган арчалардын алды бошбош жер болгон. Быйыл анын чети тосулуп, гүл тумбалары коюлуп, «75 жыл» деген жазуу гүл менен жазылды»,-деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Улуттук банк Жеңиштин 75 жылдыгына карата коллекциялык тыйындарды чыгарды

Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Тарыхый окуялар” сериясынан “Улуу Жеңишке 75 жыл” коллекциялык күмүш жана жез-никел тыйындарын жүгүртүүгө чыгарды.

Бул тууралуу башкы финансылык мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Тыйындын алдыңкы бетинде тынчтыктын символу көгүчкөн түшүрүлгөн, арткы фонунда Кызыл Армиянын аскер жана офицерлеринин “Жеңиш кол тамгалары” жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылган. Ал эми арткы бетинде “75” деген сандын фонунда “28 Баатырдын эрдиги үчүн” мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн.

Ар бир тыйын акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык тыйындар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бакча балдарынын “Жеңишке 75 күн” чыгармачылык конкурсу аяктады

 “Жеңишке 75 күн” акциясында Токмок шаары жана Чүй районундагы бала бакчалардын тарбиялануучулары ата-энелери менен биргеликте пластилин, кагаз жана башка материалдардан каармандык-мекенчилдик темадагы эмгектерди даярдашты.

Акциянын алкагындагы кароо-сынакка 18 бала бакчадан 120 эмгек сунушталды.

Учурда саамалыктын экинчи этабы мектеп окуучуларынын арасында дистанттык түрдө башталды. Мында балдар каармандык-мекенчилдик темадагы ырларды көркөм окуп, видеого тартып жөнөтүшөт.

Токмок шаарына жана Чүй районуна караштуу мектеп, бала бакчаларында “Жеңишке 75 күн” акциясы февраль айында башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдаганы турабыз», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстандын экономикасына дагы кесепетин тийгизүүдө. Көптөгөн реформалар кечеңдеп, коомдук-саясий турмуштагы айрым жаңы башталган иштер ордунан жылбай калды.

«Мисалы, жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырдык, Апрель революциясынын 10 жылдыгын тийиштүү деңгээлде белгилей алган жокпуз. Алдыда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдаганы турабыз. Бирок андагы иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет”, — деди өлкө башчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button