Акыркы бир суткада коронавирус 113 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду
Акыркы бир суткада коронавирус 113 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте – 61,
Чүй облусунда – 44,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Нарын облусунда – 3 кишиден илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 70 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Бишкекте – 33,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 19,
Ош облусунда – 13 жана
Нарын облусунда – 4 киши айыкты.
« Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду», — дейт ал.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 530 бейтап, амбулатордук түрдө 577 адам дарыланууда.
Акматова кошумчалагандай, бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 245 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 276 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 723 киши айыгып чыкса, 1 миң 498 адам каза болду.