Коом

Бажы кызматы: Июнда 9,8 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду

2023-жылдын июнунда республикалык бюджетке 9,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү түштү. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 106,1%га аткарылды же 558,4 сомго ашыкча жыйналды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 1,4 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 117,3%ды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

“Тазалыктын” кызматкерлеринин 98%ы өз өмүрүн камсыздандырган

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин 98,3%ы өз өмүрүн камсыздандырган. Бул тууралуу брифиндин жүрүшүндө ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, «Тазалык» МИ өз кызматкерлерин жеке ишканаларда толук камсыздандыруудан өткөргөн. Мындан тышкары, жумушчулардын коопсуздугу үчүн жаңы жилеттерди сатып алуу пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Быйыл Бажы кызматында 98 кызматтык иликтөө жүргүзүлдү

2022-жылы Бажы кызматында 98 кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Исабеков иликтөө менен удаа 48 кызматтык текшерүү жүрүп, төрт прокурордук чара көрүү актысы каралганын айтты.

“Анын жыйынтыгында 110 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Мындан сырткары, 59 кызматкерге эскертүү берилип, 27сине сөгүш, 14үнө катуу сөгүш жарыяланган. Ошондой эле наамынан бир баскычка түшүрүү боюнча бир, кызматка толук ылайык келбегендиги жөнүндө жети, ээлеген кызматынан төмөндөтүү бир, кызматтан бошотуу боюнча бир кызматкер болду”, — деди ал.

Бажы кызматынын төрагасы 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында коррупция боюнча 10 факты тиешелүү органдарга өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Акыркы суткада 98 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, 1 бейтап каза болду

Бүгүн, 31-мартка карата өлкөдө дагы 98 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаары – 48;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 1.

Республика боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 88 миң 374 болду.

Ал эми соңку суткада 86 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаары – 44;
Ош шаары –2;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 13.

Муну менен жалпы айыккандардын саны 84 миң 809ду түздү.

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 адам көз жумду. Каза болгон жаран Бишкек шаарында катталган.

Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 миң 499ди түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 470, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1 миң 29.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткен облусунун мектептеринин 98%на интернет байланышы жеткирилди

“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында, облустагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда Кадамжай районундагы 3 мектеп оптика-волокондук кабель аркылуу интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.Бул жумуштар аткарылса, облустагы мектептер 100% интернет менен камсыздалган болот.

Ал эми техникалык себептерге байланыштуу интернет байланышына туташтыруу мүмкүнчүлүгү жок, эң алыскы айылдардагы 2 мектеп бар.

Алар Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы Кара-Шоро башталгыч мектеби, Баткен районунда Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылындагы Н.Сүйүнов атындагы башталгыч мектеби.

Белгилей кетсек, билим берүү тармагын санариптештирүү алкагында, билим сапатын жогорулатуу, ата-эне менен баланын, мектептин ортосунда байланышын чындоо максатында “Дисковери” билим берүү мекемеси, “Медас холдинг” аркылуу EduPage, E-kundoluk программаларын колдонушуп, электрондук күндөлүк, электрондук журнал менен 166 мектеп иш алып барууда.

Облустун аймагындагы мектептерде 145 интерактивдүү доска орнотулган.

2020-жылда 22 мектепте электрондук китепкана орнотулду.

Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 168 мектепте видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Баткен облусунун аймагында жалпы 3 мектеп инновациялык мектептердин катарына кирип, иш алып барууда. Облустун мектептеринде 2181 компьютер бар.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда сутка ичинде 98 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 39, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 10, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда –19, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда — 18 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 415ке жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button