Коом

Кызыл-Кыя шаарынын 63 жаштагы жашоочусунун үйүнөн баңгизат табылды

Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде, ыкчам иш-чараларын өткөрүп, Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну 63 жаштагы Б. Т. жашаган турак үйүнөн жана анын кийип турган кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңгизатка окшогон өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 45 граммга жакын зат табылып алган.
Бул факт Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, баңгизаттын “марихуана” түрү экендиги аныкталды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эсеп палатасы Бишкек мэриясында 6,3 миллиард сомдук мыйзам бузууларды аныктады

КРнын Эсеп палатасынын Кеңеши 2019-2020-жылдарга Бишкек шаарында жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 6 млрд 349 млн 525.3 миң сомдук каржы бузуулар болгонун аныктаган. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинде төмөндөгү каржылык бузуулар болгон:

товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 22 млн 165.4 миң сом

эмгек акыны негизсиз төлөө – 22 млн 556.7 миң сом

товардык-материалдык баалуулуктардын эсептен туура эмес чыгаруу – 107 млн 868.4 миң сом

курулуш иштеринин наркын жогорулатуу – 14 млн 447.0 миң сом

бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 350 млн 599.3 миң сом

бюджеттик ссудаларды, кредиттерди максатсыз пайдалануу – 19 млн 877.8 миң сом

эсептен жашырылган дебитордук жана ашырылган кредитордук карыздар – 2 млрд 383 млн 677.3 миң сом

жергиликтүү бюджеттерден башка деңгээлдеги бюджеттерге негизсиз бөлүнгөн каражаттар – 1 млрд 580 млн 130.5 миң сом.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык Жер ресурстар башкармалыгынын 2019-жылдын 1-январына карата муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн келип чыккан (пайда болгон) 1 млрд 104.8 млн сомдук, жылдык отчетто чагылдырылбаган дебитордук карыздары шаардык бюджеттин кирешесин пландаштырууда жана бюджетти бекитүүдө эске алынган эмес жана болжолдуу пландын кирешесине кошулбаган. Натыйжада, бюджеттин киреше бөлүгү 1 млрд 104.8 млн сомго негизсиз төмөндөтүлгөн.

2019-жылдын январь-май айларында шаардык жергиликтүү бюджеттен Мэриянын жана ведомствого караштуу мекемелеринин кызматкерлерине жана жол киреге жана тамак-ашка деп 10 млн 715.9 миң сом чыгымдалган.

Мындан тышкары, 2019-жылдын май-декабрь айларында жергиликтүү бюджеттен кызматкерлерге өзгөчө маанилүү жана жооптуу иштерди аткарганы үчүн кызматкерлердин кызматтык маянасына эки айлык акы жана бир айлык акы өлчөмүндө ай сайын төлөнүүчү үстөктөргө 77 млн 7 миң сом чыгымдалган. Ал эми 2020-жылы бул багыттагы чыгымдар 286 млн 95.8 миң сомду түзгөн.

2019-2020-жылдары шаардын бюджетинен 88 млн. 888,6 миң сом (анын ичинен 22 млн 556.7 миң сом – КРнын Өкмөтүнүн токтомдорун бузуу менен) эмгектин зыяндуу шарттары үчүн төлөнүп берилген.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган айрым каржы бузуулар боюнча материалдар КРнын Башкы прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жиберилди.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 63 жашка чыкты

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда 63 жашка чыкты. Ал 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков пайгамбар жашында (фотобаян)

Сооронбай Жээнбеков Cкрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, 1983-жылы зооинженер адистигин алып, ийгиликтүү аяктаган. 1983-1995-жылдар аралыгында ал жөнөкөй кызматкерден, жетекчиликке чейинки кызматтарды басып өткөн.

1995-жыл Сооронбай Жээнбековдун жашоосуна бурулуш алып келген, саясий жолу башталган жыл деп эсептөөгө болот. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышына бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келген Жээнбековдун президенттик кызматты көздөй кадамдары башталган.

3 ирет катары менен бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген Сооронбай Жээнбеков 2007-жылы Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттө айыл чарба жана өнөр жай министри кызматына келип, жарым жылдан кийин жумушун тапшырып отставкага кеткен. 2007-2010-жылдар аралыгында ал ишкерлик менен алектенет.

2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнөн кийин Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп дайындалат. 2012-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына бекиген.

2015-жылы Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп барып, аз өтпөй президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматында иштеп баштайт. Ал эми 2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын өкмөт башчылык кызматына дайындалат. 2017-жылы 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланган. 2020-жылдын 15-октябрында ал отставкага кетти.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кытай Кыргызстанга 63 млн сомдук жардам жөнөттү

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытайдан келген кезектеги гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чарага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Гуманитардык жүктө бир жолку колдонуучу коргонуучу кийим, колкап, хирургиялык беткап, коргоочу беткап, медициналык коргоочу көз айнектер, бахила, халат, баш кийим, жасалма дем алдыруучу аппарат, ПЧР-аппараты болгон. Жардамдын жалпы суммасы 63 миллион сомдон ашат.

Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын Өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достук мамилелеринин мындан ары өнүгүүсүнө ишенерин белгиледи.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Бюллетендердин 63%ы колго саналды. Тизмеде өзгөрүүлөр бар

Ушу тапта шайлоо бюллетендеринин 63 пайызы колго саналып бүтүп, натыйжада буга чейинки алдыңкы үч партиянын катарын “Мекенчил” менен “Республика” толуктоодо.

Акыркы маалымат төмөнкүчө:

  • “Биримдик” — 19,05 пайыз;
  • “Мекеним Кыргызстан” — 24,48 пайыз;
  • “Кыргызстан” — 9,34 пайыз;
  • “Мекенчил” — 7,76 пайыз
  • “Республика” — 7, 07 пайыз;
  • “Бүтүн Кыргызстан” — 6,15 пайыз;
  • “Ата Мекен” — 4,52 пайыз;
  • “Ыйман нуру” — 4,12 пайыз;
  • “Бир Бол” — 3,04 пайыз;
  • “Чоң Казат” — 3,28 пайыз;
  • “Замандаш” — 2,79 пайыз
  • “Социал-демократтар” — 2,25 пайыз;
  • “Реформа” — 1,36 пайыз;
  • “Мекен ынтымагы” — 0,91 пайыз;
  • “Ордо” — 0,22 пайыз;
  • “Афган согушунун ардагерлери” — 0,15 пайыз;

Баарына каршы — 1,89 пайыз. Эскерте кетсек, буга чейин автоматтык түрдө эсептөөсү системанын санаганы менен төрт партия (“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан”) 7 пайыздык босогодон өткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте 63 жаран өз ыктыяры менен тест тапшырганда коронавирус табылды

COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары болуп саналат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт: 12 кичи районунда — 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламедин-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт.

Вице-мэр белгилегендей, Бишкек шаарында коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, Шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар, вирусту коомдук жайлардан — базардан, соода борборлорунан, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button