Коом

Бишкекте 14 окуучу 7 мугалим коронавирус жуктуруп алды

Бишкекте 14 мектеп окуучусу коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу Эльмира Иманалиева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыр мектептерде окутуу салттуу түрдө жүрүп жатат. Кечээ төртүнчү чейрек башталып, 105 миң бала борбор калаадагы мектептерге кайтып келишти. 14 мектеп окуучусуна коронавирус диагнозу коюлган, алар мектепке барышкан эмес.

«Бүгүнкү күндө 14 окуучу, 7 мугалим коронавирус илдетин жуктуруп, азыркы учурда дарыланууда.Мындан сырткары, 3496 окуучу жана 51 мугалим сасык тумоо болуп калган. Окуучуларга жана ата-энелерге дагы бир жолу эскерте кетейин окуучулар мектепке каалаган формасы менен келсе болот. Бирок, таза жана тыкан болушу керек»,- деди Иманалиева.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button