Коом
Акыркы суткада дагы 142 жарандан COVID-19 жаңы учуру аныкталып, 2 бейтап каза болду
Кыргызстанда акыркы суткада дагы 142 жарандан пневмония жана COVID-19 жаңы учуру аныкталып, 2 бейтап каза болду . Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
— Бишкек шаарында 90,
-Чүй облусунда 44,
-Ысык-Көлдө 7,
-Баткенде 1 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 88 842 жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары катталды.
Ал эми, илдеттен 2 адам каза болду. Эки өлүм тең Бишкекте катталган.