Экономика

Министрлик коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2,4 миллиард сом бөлгөн

2021-жылга республикалык бюджеттин мамлекеттик бюджет резервинде коронавируска каршы күрөшүүгө 2,4 миллиард сом каралган. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги билдирди.

Акча күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоого, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал олуттуу начарлап кеткен учурда каржыланууга багытталган.  Мындан сырткары, өкмөттүн 2021-жылдын 14-январындагы токтому менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги саламаттыкты сактоо кызматкерлерине  оорунун очогунда иштеген адамдарга компенсациялык төлөмдөр үчүн 500 миллион сом бөлүүнү карайт.

«Экономика жана Каржы министрлиги коронавирус инфекциясына каршы эмдөө иш-чараларынын алкагында өнүгүү боюнча өнөктөштөргө (эл аралык донорлорго) COVID-19га каршы эмдөө үчүн каражат бөлүү үчүн долбоордук билдирмелерди жөнөтүүдө. Өкмөт COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражат чогултуу жаатында донорлор менен ишти күчөтүү милдетин койду », — деп билдирди министрлик.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button