Бишкекте коронавирус инфекциясынан 143 бала дарыланып жатат
Бишкектеги ооруканаларда коронавирус инфекциясынан 143 бала дарыланып жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата балдар арасында вирустук инфекция жана этиологиясы такталбаган пневмония азаюуда.
Белгиленгендей, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жана №3 балдар ооруканасына 60тан 80ге чейин кайрылуулар болуп, анын ичинен 10-15 бала ооруканага жаткырылууда, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп жатат, 80%ы шаардыктар.
“10-15 баланын ичинен (90% учур) пневмония менен жаткырылууда. Бүгүнкү күнгө карата Эне-баланы коргоо борборунда 90 бала, №3 балдар ооруканасында 53 бала жатат. Ага карабастан ата-энелерди сак болууга жана бардык санитардык тазалык эрежелерин сактоого чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.