Коом
Айдоочулардын назарына: Боом капчыгайында таштар түшүрүлүп, жол жабылат
Боом капчыгайында айрым аймактарга таштар түшүрүлүп жаткандыгын «НК» “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-апрелден 16-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
“Жумуш күндүз саат 9.00дөн 15.00гө чейин МАИ кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай жабылат.
Жолду тазалоо учурунда унаа бир тилке боюнча багытталат.
Айдоочулардан каттамды алдын ала пландаштырууну суранабыз”,-деп айтылат билдирүүдө.