Саясат

Президент Жапаров учакта наристенин өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Түркия Президентинин жеке дарыгерине ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президентинин  жеке дарыгери Режеп Шекерге Стамбул-Бишкек каттамы учурунда наристени сактап калгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Режеп Шекер твиттерге жазды.

«Биз Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, президентибиздин жана Ассамблеянын Төрагасынын куттуктоосун жеткирдик. Өз учурунда  Президент  учуу учурунда наристени сактап калгандыгым үчүн ыраазычылык билдирди », — деп жазган ал.

Эске салсак, 19-мартта учуу учурунда Түркиянын Президентинин жеке дарыгери Режеп Шекер ымыркайга медициналык жардам көрсөткөн. Түркиялык «Имарет» гезити билдиргендей, баланын жүрөгү токтоп калган.

Жүргүнчү ташыган учак Стамбулдагы аэропорттон көтөрүлгөндөн 30 мүнөттөн кийин эгиз ымыркайлардын бири ооруп калган. Баланын энеси стюардессаларды жардамга чакырган, алар Режеп Шекерге кайрылышкан. Дарыгер ошол  рейс менен учкан, деп жазат гезит.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button