Исманали Жороев: «Исфананы өнүктүрөбүз деген командалар менен кошулуп, иштешүүгө даярбыз»
Ишкер, меценат «Мурас» саясый партиясынын негиздөөчүсү Исманали Жороев шайлоочуларга төмөнкүдөй кайрылуу жолдоп, ыраазычылыгын билдирди:
«Урматтуу досторум, жердештерим, санаалаштарым жалпы Исфана шаар мэриясынын тургундары!!! Мен сиздерге жеке өзүмдүн, ошондой эле «Мурас» саясий партиясынын жана биздин команданын атынан, партиябыздын жаңы, жаш экендигине карабастан бизге ишенип, колдоп бергениңиздерге терен ыраазычылык билдирем. Ошону менен эле бирге сиздерди толук ынандырып кете аламын, биз жаны көз караштагы командабыз менен Исфана шаар мэриясын өнүктүрүүгө көп салым кошобуз жана талыкпай эмгектенебиз. Бизге кошулуп шаарды өнүктүрөбүз деген командалар менен кошулуп, иштешүүгө даярбыз. Өзгөрүү бизден башталат! Буюрса чогуу жакшы, татыктуу жашоого жетебиз. Дагы бир жолу Рахмат! Орозонуздар кабыл болсун!!! Сиздерди урматтап Исманали Жороев» — дап жазылган кайрылууда.