Коом
Кыргызстандын бардык аймактарында убактылуу эмдөө жайлары ачылды
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын бардык аймактарында убактылуу эмдөө жайлары ачылганын билдирди.
Чүй облусунда 8 жерде ачылган. Алар:
- Аламүдүн району, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Ысык-Ата районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Чүй районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кемин районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Сокулук районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Москва району, Беловодское айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Жайыл району, Кара-Балта шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Панфилов району, Панфилов айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.
Бишкек шаары
- №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө жасалат.
Ош шаары
- №1, №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору.
Ысык-Көл облусу
- Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.
Жалал-Абад
- Ноокен районундагы аймактык оорукананын базасы;
- Майлуу-Суу шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Базар-Коргондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын базасы;
- Аксы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
Ош облусу
- Кара-Суу районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Араван районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Өзгөн районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Куршабдагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
- Ноокат районунда Медигос жана Барын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Чоң-Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
Нарын
- Нарын шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
- Ат-Башы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Ак-Талаа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кочкор районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Жумгал районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
Талас
- Талас шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Кара-Буура районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
Баткен
- Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө пункту ачылган.
Министрлик учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алып жатканын белгиледи.