Коом

Бүгүн Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Тизме

Бүгүн борбор калаанын 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын сайтында кабарланган.

Бул күнү бригадалар тирөөчтөрдү орнотуп, үйлөрдүн, короолордун ичиндеги кабелдерди иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жасайт.

Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт:

  • 09:00дөн 12:00гө чейин — Островская, Сухомлинов, Бакаев, Целинная көчөлөрүндө, андан сырткары Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Ак шоокум, Адышева көчөлөрүндө) болбойт;
  • 09:00-19:00 — Алыбаев, Маликов, Термечиков, Захарьев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 09:30-14:00 — 10-кичи райондо (№36, 36/1, 37/1, 37, 38 үйлөр);
  • 09:30-17:00 — Ахунбаев, Бектенов көчөлөрүндө, Балхаш туюк көчөсүндө, 9-кичи райондо (№6Б үй), Арча-Бешик конушунда (Кызыл-Адыр, Термечиков, Камбар-Ата, Бердибаев, Эр-Тайлак, Шералиева, Проектируемая, Арча-1 көчөлөрүндө);
  • 09:30-18:00 — Лев Толстой, Леваневская, Строительная, Красная, Тыныбеков, Матыев көчөлөрүнүн тилкесинде, Көлмө жана Алтын-Бешик конуштарында (Максат, Медина, Республиканская, Мыскал, Кулиев, Полевая, Азаттык, Коммунаров, Айкөл, Козу-Баглан, Жийде, Жаз, Минская, Багратион, Краснодонцев жана Малышев көчөлөрүндө);
  • 10:00-14:00 —Урожайная жана Аламүдүн көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 10:00-17:00 — Жумабек, Осмонкул, Баетов көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 12:00-17:00 — Шота Руставели, Севастопольская, Үчүнчү линия көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Абдраев, Месароша көчөлөрүндө, Чугуев туюк көчөсүндө, 5-кичи райондо (№79-83, №72/1, №64, 65 үйлөр) өчүрүлөт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button